Москвада машинада жарылуу болуп, Орусиянын Коргоо министрлигинин Ракеталык-артиллериялык башкармалыгынын ракета жана курал-жарак ташуу бөлүмүнүн башчысы Дамир Давыдовдун өмүрү кыйылды. Өлкөнүн Тергөө комитети окуя болгонун тастыктады, бирок мекеменин билдирүүсүндө Давыдов тууралуу айтылган жок.
Тергөө комитети "жардыргыч зат жарылып", BMW Х3 унаасынын айдоочусу көптөгөн жаракат алып, ошол жерде жан бергенин билдирди.
Москвадан алыс эмес жайгашкан Балашихада 9-июнда автоунаадагы жарылуудан каза болгон киши Давыдов экенин алгач Украинанын коргоо министринин кеңешчиси, активист Сергей Стерненко, андан кийин орусиялык "ВЧК-ОГПУ" Телеграм каналы кабарлашты.
2023-жылы украиналык OSINT-ресурс Evocation долбоору Давыдов жөнүндө маалымат жарыялаганда анын Балашиханын Авиаторлор кичирайонундагы дарегин да атаган. Унаа бул даректен алыс эмес жерде жарылган. Жарылган BMW X3 машинасы полковниктин уулу, Аскер академиясынын курсанты, 20 жаштагы Рафаил Давыдов соцтармактарга жарыялаган сүрөттөрдөгү унаага окшош экенин "Важные истории" долбоору кабарлады.
Shot маалымдагандай, жардыргыч зат унаанын арткы бөлүгүнө коюлган, жарылуу болору менен жүк салгычта жана арткы орундукта өрт чыккан. Машина жарылуудан кийин да бир нече метр жүрүп барып, токтоп турган Haval унаасын сүзгөн.