Өкмөт менен "социалдык келишим" түзүү үчүн акча талап кылынбасы эскертилди

"Социалдык келишим" сертификаты. Расмий сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өкмөт менен социалдык келишим түзүүдө алдамчылык схемалар пайда болгонун эскертти. "Социалдык келишим" программасы аркылуу мамлекеттен жардам алууга "көмөктөшүү" шылтоосу менен белгисиз адамдар пайда болгону маалымдалды.

"Пландуу мониторингдин жүрүшүндө Баткен аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы мыйзам бузуу фактыларын аныктады: белгисиз адамдар «социалдык контрактты алууга жардам берүү» шылтоосу менен мамлекеттик жардам алуучу үй-бүлөлөрдөн акча талап кылышкан. Министрлик дароо укук коргоо органдарына кайрылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү кармалып, кылмыш иши козголду", - деп билдирди министрлик.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык келишимдер мекеменин аймактык бөлүмдөрү аркылуу гана таризделерин белгиледи. Ага ылайык, каражат түздөн-түз алуучунун банктык эсебине которулат, эч кандай ортомчу, комиссия жана үчүнчү жактарга кошумча төлөнбөйт. Бул жараянга сырттан башка адамдар катыша албайт, ал мыйзамсыз.

Министрлик жарандарды сак болууга чакырып, эгер кимдир бирөө социалдык контракт алууга көмөктөшүү үчүн акы талап кылса, бул тууралуу укук коргоо органдарына же министрликтин аймактык башкармалыктарына билдирүү зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн "Социалдык келишим" программасы иштей баштаган 2022-жылдан бери долбоор алкагында 48 миңден ашуун үй-бүлө менен келишим түзүлгөн. Министрлик келишим үй-бүлөлөр менен ыктыярдуу түрдө түзүлөрүн белгилөөдө.

Социалдык келишим жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ортосунда түзүлөт. Мамлекет үй-бүлөгө жеке ишкердикти ачуу жана өнүктүрүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтөт.

Алгач социалдык жардамдын көлөмү 100 миң сом болсо, былтыр бул сумма 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.

Келишимдердин жарымынан көбү айыл чарба багытында ишкерлик кылууга багытталган.
Министрлик "Социалдык келишим" программасына быйыл 13 334 үй-бүлө катышарын билдирген. Каржылоону социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр ала алышат. Ошол эле учурда үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүү жана мүлктүк потенциал болушу керек. Реалдуу бизнес-план талап кылынат.

Акыркы эки жылдан бери социалдык контракттын негизинде социалдык колдоо программаларынын катышуучуларына ишкердикти өнүктүрүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя үч жылдык мөөнөткө берилип келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Кожокулова Эсеп палатасы аныктаган мыйзам бузуулар боюнча ишти сынга алды"Катаал шарттагы камерада кармалууда". Абактагы Равшан Жээнбековдун уулу бийликке кайрылды Чет өлкөлөрдөгү мигранттар Кыргызстанга 700 млн доллар которуштуТаалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан алынды