Чет өлкөлөрдөн январь-март айларында Кыргызстанга 699 млн 700 миң сом которулду. Улуттук банктын маалыматына караганда, сырттан келип жаткан акча улам көбөйүүдө.
Маалыматка ылайык, январь айында сырттагы жарандардан 220 млн 300 миң доллар, февраль айында 224 млн 200 миң доллар, ал эми март айында 255 млн 200 миң доллар которулган.
Жалпы 699,7 млн доллардын 227,700 млн доллары Орусиядан, АКШдан 19,7 млн доллар которулган.
Ошол эле учурда өлкөдөн сыртка январь-март айларынын ичинде 59 млн 600 миң доллар которулган.
Улуттук банктын маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанга чет жактардагы жеке адамдардан 3 млрд 491 млн доллардан ашуун акча которулган болсо, анын 3 млрд 231 млн доллары Орусиядан жиберилген. (ZKo)
Дагы караңыз
Шерине