Энергетикадагы кадр алмашуу: Экс-министр Ибраев эмнеден жазды?

Иллюстрациялык сүрөт. Таалайбек Ибраев

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кызматтан бошотулду. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгында министрдин кызматтан алынышынын себептери көрсөтүлгөн жок. Энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп Алтынбек Рысбеков дайындалды.

Соңку 3,5 жылдан ашык министрликти жетектеген Ибраев өкмөттөгү карама-каршылыктуу фигуралардын бири болчу. Ал тармакты башкарып турган жылдар өлкөдө электр тарифтерин көтөрүү, Токтогул ГЭСи баштаган суу сактагычтарда суунун аз топтолгонуна байланыштуу кризистик учур, чакан ГЭСтерди куруунун ылдамдашы менен эсте калды.

Ибраев эмнеден жазды жана эмнеси менен эсте калды?

Таалайбек Ибраевдин кызматтан алынганын 10-июнда президенттин маалымат кызматы билдирди. “Ынтымак Ордо” мындай чечимдин себептерин түшүндүргөн жок. Ибраев азыркы бийликтин тушунда министрлик кызматта узак убакыт иштеген чиновниктердин бири болуп калды. Ал энергетика министри болуп 2022-жылдын октябрь айында дайындалган.

64 жаштагы Ибраев тармакты башкарып турган жылдары өлкөдө энергетикалык кризис орун алып, негизги электр тогун иштетчү Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгон учурга туш келди. Былтыр Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук чекке жетип, дээрлик 1 миллиард киловатт-саатка көбөйдү. Буга кошумча Токтогул суу сактагычында суу былтыркыдан 2 млрд куб метрге аз болгону белгилүү болду.

Ибраев өзү өлкөдө “энергетикалык кризис жок” деп кырдаалды четке какканы менен соңку кыш мезгилинде жапырт чектөөлөр болуп, бул бийликтин дарегине нааразылыктарды да жаратты. Тагыраагы, былтыр ноябрда Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн. Мындай шартта өлкөдөгү ири шаарларда кафе-ресторан, коомдук жайлардын жарыктарын өчүрүү боюнча рейддер жүргүзүлүп, бул талкууларга жем таштаган эле.

Дагы караңыз

Ширшов Кыргызстандын атынан Москвадагы сүйлөшүүгө эмнеге катышкан?

Буга кошумча Ибраев кызматка келгенден тарта тармакты жөнгө салуу үчүн электр тарифтерин көтөрүү зарылдыгын ачык айтып, аны ишке ашырууга билек түрө киришти. 2030-жылга чейин орто мөөнөттүү тариф боюнча саясат иштелип чыгып, жыл сайын май айында тариф жогорулап турары айтылган. Анын алкагында 2026-жылы 27 тыйын, 2027-жылы 33 тыйын, 2028-жылы 39 тыйын кошулат. 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көбөйөт.

Буга кошумча Таалайбек Ибраев бир катар талаштуу билдирүүлөрү менен да коомчулуктун бүйүрүн кызытып, аны өлкө бийлиги четке каккан учурлары болду.

Анын алгачкысы өлкөдө майнинг фирмаларга электр жарыгын берүүгө байланыштуу чыр болсо, кийинчерээк мүмкүнчүлүгү барларга “Чексиз тариф” киргизүүгө байланыштуу чыкты.

Буга кошумча Таалайбек Ибраев Алексей Ширшов менен жакын байланышы бар деген негизде сынга кабылып, ал үчүн далай жолу актанууга туура келди.

2024-жылы курултайда эксперт Сапар Аргымбаев Ибраевди энергетика тармагында коррупцияга байланыштуу доомат коюлган Алексей Ширшовдун кадры деп күнөөлөгөн. Аргымбаев энергетика тармагындагы соңку чечимдерди, кадамдарды сынга алды.

"Мен курултайда айткан сөзүмдөн тайган жокмун. Мен сыпайы сөз менен алты кылмыш иши козголгон кишини министр кылып коюп жатасыңар деп Ширшовдун маселесин дагы айтканда президенттин деле жообун уккансыңар да. Энергетиканын түбүнө жеткен киши Максим Бакиев алып кетти деген 200 миллион долларын алып келип берер-бербесин Кудай билет. Булар бийликке келгенден бери энергетика тармагына акча жетпей жатат дегенден бери эле тариф эки эсе көбөйдү. Андан деле ашып кетти. Демек, энергетиканын бюджети мурункуга караганда эки эсе көбөйдү. Азыр дагы эми каражат жетпей жатат дегенди шылтоолоп кайра бааны көтөрөбүз деп жатат. Энергетиктердин айлыгын көтөргөн жок, тариф болсо эки эсе өстү, кадрлар кетип жатат. Бул кайсы жакка барып такалат деген суроо туулат. Бир нерсе десең эле, "силер бул бийликке каршы чакырык кылып жатасыңар" дешет. Көп иштерди манипуляция кылып жатып, тескери жагынан чыгарып алдык".

Дагы караңыз

Кыргызстандагы кытай инвестициясы, Бээжиндин башкы дипломатынын сапары

2022-жылы биринчи элдик курултайда да экс-депутат Жылдызкан Жолдошева Ибраевдин аты ошол кезге чейин коррупциялык иштерде аталып келгенине токтолуп, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Таалайбек Ибраев убагында өзү тууралуу дооматтарга байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берген. Анда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын, козголгон иштер кылмыштын курамы болбогонунан улам токтогонун айткан. Жолдошеванын сынын анын жеке таарынычы менен байланыштырган

"Ар бир революциядан кийин жетекчилик кызматта иштеген адамдардын баарына эле иш козголгон. Мен министрдин орун басары болуп кызматка келдим, жетекчилик кызматтарда жүрдүм, аэропортто иштедим. Кызматка барганда УКМКга кат жөнөтөт, ал жактан "иш бар же жок" деп жооп келет. Энергетика мекемелери, аэропорт - стратегиялык объект. УКМКдан ошондой кагаз келгенден кийин гана кызматка коюлат. Эгерде ошондой иштер болсо, мени бул кызматка эч ким жолотпойт эле да. Ал иш курамында кылмыш болбогондон кийин токтоду да. Өмүрүмдүн 30 жылдан ашыгын энергетика тармагына арнадым. Ишимди Турдакун Усубалиевдин тушунда, ошол маалдагы Фрунзе шаарында электр монтаждоочу болуп баштагам. Ошондон бери бардык бийликтин тушунда иштедим, баары менен иштешип келдик. Мен бул тармакта ишимди баштаганда Ширшов столдун астында жөрмөлөп жүргөн бала болчу. Эртең дагы анда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен иштешти деп айтабы? Өзүмдүн кесибим энергетик болсо, мен бул тармактан башка кайда барам? Азыр энергетиктердин эң негизги максаты - элди жылуулук, жарык менен камсыз кылуу, кыштан үшүтпөй чыгаруу. Ушул максат менен ишибизди күнү-түнү алып барып жатабыз".

Таалайбек Ибраев энергетика жаатында кошумча генерация кылуу үчүн жаңы объекттерди куруп, мурдагы станцияларды оңдоодон өткөрүү зарылдыгын айтып келди. Бул жаатта чакан ГЭСтерди курууга маани берилип, өлкө бийлигинин ушул жааттагы тапшырмалары активдүү ишке ашырып келгенин мисалга тартты.

Ал кызматка келгенден кийин 2023-жылы “Азаттыкка” маек куруп, 2026-жылы өлкөдө өндүрүлгөн электр 19 млрд кВт/саатка чыгарууну убада кылган.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен бул сан 15 миллиард кВт/саатка жеткени айтылган. Бул жагынан министрдин убадасы канчалык аткарылганы белгисиз бойдон калды. Ошентип, азыркы өкмөттөгү карама-каршылыктуу фигуралардын бири саналган Таалайбек Ибраев кызматтан алынды.

Дагы караңыз

Энергетикалык каатчылык жана камакка алуулар коштогон шайлоо

Жаңы министр ким?

Таалайбек Ибраевдин ордуна президент энергетика министринин милдетин аткаруучу кылып Алтынбек Рысбековду дайындады.

Жакынкы аралыкта анын талапкерлигин парламентке макулдашуу үчүн киргизилет.

Алтынбек Рысбеков

48 жаштагы Рысбеков Ала-Бука районунда туулуп-өскөн, Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Ал 2000-жылдардын башынан тарта энергетика тармагында иштейт. Эмгек жолун Ош электр тармактар ишканасында баштап, кийин "Улуттук электр тармактар" ишканасында бир топ жыл жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2025-жылы энергетика министринин орун басары болуп дайындалган.

Дагы караңыз

"Сазга батырган". Жапаров Атамбаевдин энергетика боюнча дооматына жооп берди