Минералогиялык музейди ордунан чыгаруу талабы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү

Минералогиялык музейдеги экспонаттар. Бишкек.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Бишкектеги Минералогиялык музейди 70 жылдан бери ээлеп турган ордунан чыгарып жатышканын кабарлады. Депутат бул маселе боюнча парламенттин 10-июндагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлүнө суроо менен кайрылды.

"Алты миңден ашуун экспонатын 1-июлга чейин чыгарып, 70 жылдан бери ээлеп келген ордун бошоткула деп талап коюлуп жатыптыр. Окумуштуулар канча жылдап чогулткан минералдар, экспонаттар. Ал жерде өтө сейрек экспонаттар бар", - деди Кожокулова.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Советбек Надырбеков бардык тарыхый маданий мурас объекттери мыйзам чегинде, тиешелүү комиссиянын чечими менен караларын айтты.

Депутат анын жообуна канааттанбаганын билдирип, министрлик жалпы тарыхый маданий объекттер боюнча үн катпай келе жатат деп айыптады.

"Тарыхый маданий имараттарды мэрия жок кылып жатат. Бул шаардыктарды жана башка көптөрдү кабатыр кылууда. Тарыхый эстеликтер жок кылынып жатат. Маданият министрлигинин үнүн укпай жатабыз. Маалымат жыйынын өткөргүлө. Сиздер Министрлер кабинетинин мүчөсү катары пикириңерди расмий беришиңер керек. Биз тарыхый баалуулуктарыбызды кантип сактап кала алабыз?" -деди Кожокулова.

Советбек Надырбеков министрликке тийиштүү объекттердин ар бири боюнча белгиленген тартипте жооп берип келе жатканын айтты.

Минералогиялык музейдеги экспонаттар. Бишкек.

Бишкектеги Кыргыз Тоо-кен институтунда жайгашкан Минералогиялык музейдин имаратын бошотуу талабы коюлганын, музейдин кайда көчүрүлөрү белгисиз экенин кызматкерлери айтып чыгышкан. Андан мурдараак музей жайгашкан имаратка Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев аталган институт карамагында болгон Кыргыз техникалык университетинин (КТУ) ректору Мирлан Чыныбаев менен чогуу барып кеткен.

КТУнун ректору музейдин башка жакка көчүрүлүшү боюнча оозеки гана талкуу болгонун, экспонаттар сакталарын, тескерисинче, жакшыртыларын журналисттерге билдирген.

Кыргыз минералогиялык музейи 1954-жылы түзүлгөн. Анда Кыргызстандагы минералдык заттардын, асыл таштардын үлгүлөрү сакталган.(ZKo)

Дагы караңыз

Өкмөт менен "социалдык келишим" түзүү үчүн акча талап кылынбасы эскертилдиДепутат Кожокулова Эсеп палатасы аныктаган мыйзам бузуулар боюнча ишти сынга алды"Катаал шарттагы камерада кармалууда". Абактагы Равшан Жээнбековдун уулу бийликке кайрылды Чет өлкөлөрдөгү мигранттар Кыргызстанга 700 млн доллар которуштуТаалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан алынды