Футбол аянтчасы жана кайрымдуулук. Ташиевдин кадамы эмнени каңкуулайт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулукта футбол аянтчасын ачып, кайрымдуулук иш-чарасына катышканы белгилүү болду. Президент Садыр Жапаров менен саясий тандеми бузулуп, өзүнө жана жакындарына кылмыш иши козголгондон бери Ташиев эки-үч жолу коомчулуктун алдына чыкты. Бирок ал азыркыга чейин эч кандай комментарий бере элек. Учурда ага карата сот жараяны жүрүп жатат. Ташиевдин соңку аракеттеринин артында эмне жатат деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда.