Путин өлкөдөн чыгып кеткен орусиялыктардын мүлкүн камакка алууга уруксат берди

Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык кызыкчылыктар үчүн жасалган аракеттерге каршылык кылып өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын мүлкүн камакка алууга уруксат берген мыйзамга кол койду. Мыйзам күчүнө 1-сентябрдан тарта кирет.

Демилге Административдик кодекстин чет өлкөлөрдө жүргөн орусиялыктарды жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк берген беренелеринин тизмесин кеңейтет.

"Орусия кызыкчылыктарына каршы укук бузуулардын" арасында "чет өлкөлүк агенттин" ишмердүүлүк тартибин бузуу, жалпыга маалымдоо эркиндигин кыянат пайдалануу, террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу, Орусиянын бүтүндүгүн бузууга жана санкцияларды киргизүүгө чакыруу, орус армиясын дискредитациялоо бар.

Мыйзам коопсуздук чарасы катарында чет өлкөдө жүргөн орус жарандарынын мүлкүн жана банк эсептерин камакка алууга уруксат берет. Камакка алуу дайындалган айып пулду төлөгөнчө күчүндө болот. Камакка алынган мүлктүн наркы айып пулдун суммасы менен чектелбейт жана айып пулдан алда канча көп болушу мүмкүн.

Документ 2024-жылы октябрда Татарстандын Мамлекеттик кеңеши тарабынан киргизилген, 2025-жылы май айында Мамдума биринчи окуудан кабыл алган. Экинчи окууга чейин мыйзам кыйла иштелген, тактап айтканда, Административдик кодекстин Орусияда эмигранттар жоопко тартыла турган беренелеринин тизмеси кошулду.

Быйыл май айынын аягында Мамлекеттик Дума мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алып берген.

Дагы караңыз

2027-жылдан тартып башталгыч класстын окуучуларынын тамагына 40 сомдон бөлүнүп баштайтУкраинага каршы согушка катышкандарды Евробиримдикке киргизбөө сунушталды Жакынкы Чыгышта жаңжал кайра күч алды Футбол аянтчасы жана кайрымдуулук. Ташиевдин кадамы эмнени каңкуулайт?Энергетикадагы кадр алмашуу: Экс-министр Ибраев эмнеден жазды?