Кыргызстан санкциялык тобокелчиликтер жогору болгон бүтүмдөргө катышы бардыгы ыктымал 50 ишкананы жойду. Буга АКШ, Европа жана Улуу Британиядагы мекемелер менен жүргүзүлгөн жолугушуулар, консультациялар жана алардын өтүнүчтөрү негиз болду. Бул тууралуу президенттин санкциялык саясат боюнча атайын өкүлү, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун билдирүүсүндө айтылат. Билдирүү 11-июнда жарыяланды.
Анда Кыргызстан өзүнүн финансы-экономикалык системасынын ачыктыгын камсыздоого, улуттук кызыкчылыктарын коргоого жана санкциялык тобокелчиликтерди азайтууга багытталган саясатын улантып келе жатканы жазылган.
Учурдагы геосаясий чыңалуу жана чектөөчү чаралардын сакталышына эл аралык көзөмөл күчөгөн шартта кыргыз өкмөтү өзүнүн аймагын, каржылык инфратүзүмүн жана улуттук экономикасынын түрдүү тармактарын санкцияларды айланып өтүү же мыйзамсыз иш-аракеттерди жеңилдетүү үчүн пайдаланууга жол бербөө чараларын улантып жатканы айтылган.
Ошондой эле билдирүүдө виртуалдык активдер секторуна өзгөчө көңүл бурулары белгиленген:
"Санарип каржылык технологияларды өнүктүрүү экономиканын өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнү менен такай көзөмөлдү жана тескөөнү талап кылат. Виртуалдык активдердин жогорку ылдамдыкта айланышы жана алдыңкы технологиялык чечимдердин пайдаланылышы - арам акчаны адалдоо, мыйзамсыз каржылык ишмердүүлүк, санкциядан качуу жана кыянатчылыктын башка түрлөрүн колдонуу тобокелчилигин жогорулатат. Кыргызстандын позициясы так жана ырааттуу бойдон калууда: тобокелчиликтер канчалык жогору болсо, ачык-айкындуулук, жоопкерчилик жана шайкештикке колдонулуучу стандарттар да ошончолук жогору болот. Мамлекеттин ролу технологиялык өнүгүүгө тоскоолдук кылуу эмес, инновациянын, коопсуздуктун жана эл аралык ишенимдин тийиштүү балансын камсыз кылган заманбап жана натыйжалуу укуктук база түзүү болуп саналат".
Бул максатта мамлекеттик органдар виртуалдык активдер базарын көзөмөлдөөнү күчөткөнү, акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жаатындагы улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга шайкеш иш алып барышары, бузуулар аныкталса катуу чаралар көрүлөрү айтылган.
Мындан тышкары президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялар боюнча улуттук агенттик түзүлгөнү белгиленген. Агенттик жакынкы келечекте виртуалдык активдердин ишмердүүлүгүнө байланыштуу комплекстүү иштерди жүргүзөт.
Кыргызстан 2023-жылдан бери Батыштагы өнөктөштөрү менен тыгыз жана конструктивдүү диалог жүргүзүп келе жатканы, пайда болгон маселелерди диалог, консультация жана маалымат алмашуу аркылуу чечүүнү жактай турганы белгиленген.
Кыргыз өкмөтү Батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында санкцияларды кыйгап өтүүгө тиешеси бар компаниялардын юридикалык каттоосун жокко чыгарууну караштырып жатканын майдын башында билдирген. 18-майда Юстиция министрлиги күмөндүү делген 50 компаниянын каттоосун токтотконун жарыялаган.
Ушул тапта 30дан ашык кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесинде” турат.
Санкциялар Москванын Украинага каршы толук масштабдуу кол салуусуна байланыштуу Орусияга жана ага көмөктөшкөн деп шектелгендерге карата жарыялана баштаган. (ZKo)