"Манас" университети кампус аркылуу жол өткөрүүгө каршылыгын билдирди

"Манас" университетинин кампусу аркылуу өтүүчү жолдун схемасы.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университети Бишкек мэриясынын окуу жайдын кампус аймагынан жол өткөрүү аракетине каршы экенин билдирди. Университет ректоратынын ачык билдирүүсү 11-июнда жарыяланды.

Анда "Манас" университети Кыргызстандын жана Түркиянын орток демилгелери менен эл аралык келишимдин негизинде түзүлүп, кызматташтыкты чагылдырган эл аралык статуска ээ жогорку окуу жай экени белгиленди.

"Кампустук университет болуу — билим берүү, илимий изилдөө жана студенттик жашоону бирдиктүү алып жүргөн өзгөчө мейкиндик деген түшүнүктү туюндурат. Кампустун бүтүндүгүн сактоо студенттердин коопсуздугу, билим берүү ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүргүзүлүшү жана университеттин келечекке багытталган өнүгүү концепциясы үчүн олуттуу болуп саналат", - деп жазылган билдирүүдө.

Ректорат түрдүү өңүттө конструктивдүү баарлашууга ачык экенин белгилеп, учурдагы жараян эл аралык милдеттенмелер жана институционалдык укуктар алкагында ишке ашырылуусун күтөрүн билдирген.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетин, билдирүүдө айтылгандай, 30 жылда 16 миңден ашуун улан-кыз бүтүрдү жана ал Борбор Азияда алгачкы ондукка кирген Кыргызстандагы жалгыз университет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун бекитип, мэрия жаңы картаны 11-майда жарыялаган. Бул документте Миңжылкыев көчөсү “Манас” университетинин аймагын аралап өтүп, Манас проспектисине кошулары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Анарбек Бакаев көчөсү да окуу жайдын аймагына кирип, Тыналиев көчөсүнө кошулат.

Буга каршы болгон университет студенттери, шаардын айрым тургундары кол топтоп баштаган.

11-июнда аталган автожолду ачуу иштери башталып, окуу жайдын айланасындагы тосмолор алына баштады. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолду ачуу ишин саясатташтырбоо керектигин айтты.(ZKo)

Дагы караңыз

Түндүк Ирландияда экинчи түн катары менен тоз-тополоң уландыКызыл аянтта Орусиянын күнүнө арналган концерт өтпөй турган болду УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин бөгөт чарасы каралып жатат"75чилердин каты" боюнча сот жараяны ачык уланат