"Бугу эне" фонду Караколдогу зоопаркта адамдар ак кууну таш менен чаап өлтүргөнүн билдирди

“Бугу эне” фонду тараткан сүрөт.

“Бугу эне” коомдук фонду Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы зоопаркка келген айрым адамдар ак кууларга таш ыргытып, анын кесепетинен бир ак куу өлүп калганын билдирди.

Фонд зоопаркка киргендерге тосмолордон ашып өтүүгө, куштарга таш ыргытууга, жырткыч жаныбарларды таяк менен чабууга тыюу салынганын кабарлап, эрежени бузгандар айыпка жыгыларын эскертти.

“Бугу эне” коомдук фонду - Кыргызстандагы жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборун башкарган коммерциялык эмес уюм. Фонддун негизги зоопаркы Каракол шаарында жайгашкан жана ал Евразиядагы эң бийик тоолуу зоопарк болуп эсептелет. Уюм браконьерлерден тартып алынган же жаракат алган жаныбарларды дарылап, табигый чөйрөгө кайтаруу же зоопаркта багуу менен алектенет. Фонд жана зоопарк элдин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен иштейт. (BTo)

Дагы караңыз

Адал индустриясынын талаптарын бузгандарга айып салынатОрусияда "Коммерсантъ" басылмасына каршы протокол түзүлдүПрезиденттин санкциялар боюнча өкүлү виртуалдык активдерге көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирдиСот УКМКнын мурдагы кызматкерлери баш болгон алты адамды камакта калтырдыБУУ: Пакистандын аба соккуларынан Ооганстанда 13 жайкын тургун набыт болду