Таиланд падышасынын төрт жыл комада жаткан тун кызы көз жумду

Ханбийке Бажракитиябханын каза болгону жарыялангандан кийин анын сүрөтүн кармаган аял. Бангкок, 12-июнь, 2026-жыл.

Таиланддын падышасы Маха Вачиралонгкорндун тун кызы, ханбийке Бажракитиябха Нарендра Дебьявати 47 жашында каза болду. Бул тууралуу 12-июнда падышалык сарай билдирди.

Ханбийке дээрлик төрт жыл бою комада жаткан.

Ал 2022-жылдын декабрында өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Накхонратчасима провинциясына барган учурда жүрөк оорусунан улам күтүүсүздөн эсин жоготуп, ооруканага жаткырылган.

Кийинчерээк дарылануу үчүн тик учак менен борбор калаа Бангкокко жеткирилген.

Падышалык сарайдын билдирүүсүнө караганда, ханбийке 12-июнда көз жумду.

Таиландда эл арасында ханбийке Па деген ат менен белгилүү болгон Бажракитиябха 1978-жылдын 7-декабрында ошол кездеги мураскер ханзаада Маха Вачиралонгкорн менен анын биринчи жубайы ханбийке Соамсавалинин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Таиландда ал коомдук турмушка активдүү катышканы, аял абактагылардын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча демилгелери жана дипломатиялык ишмердиги менен эсте калары айтылууда.

Бажракитиябха АКШдагы Корнелл университетинде юридикалык билим алып, магистрлик жана докторлук даражаларды алган. 2006–2011-жылдары Таиланддын Башкы прокуратурасында юрист болуп иштеген.

Дагы караңыз

Шаардык сот мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевдин кызын камакта калтырдыТүштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл дагы 30 жылга кесилдиМамлекеттик реабилитациялык борборлор 14 жаштан улуу балдарды тейлебей турганы айтылды