Түркиянын Анталья провинциясынын Кемер районунда деңиз жээгинен дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык жарандын сөөгү табылды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлагандай, Kaya Palazzo Belek мейманканасында иштеген кыргызстандык 24 жаштагы Э. Ж. аттуу жаран 6-июнда деңизде сууга түшүп жатып, дайынсыз жоголгон.
"Жээк күзөт кызматынын жана башка тийиштүү органдардын издөө иштеринин натыйжасында Э. Ж.нын сөөгү 11-июнда табылды. Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн зарыл документтерди тариздөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматта ошондой эле бул маселе Кыргызстандын Антальядагы Башкы консулдугунун жана ТИМдин көзөмөлүндө экени кошумчаланган.
Түркиялык маалымат каражаттары 11-июнда Белдиби аймагында жергиликтүү тургундар жээкте кыймылсыз жаткан кишини байкап, полицияга кабар беришкенин жазышкан. Жээк күзөт кызматы менен чогуу келген Тез жардам кызматынын дарыгерлери анын каза болгонун аныктаган. Маркумдун жанында документтери болгон эмес, сөөк Антальянын соттук- медициналык экспертиза институтуна жиберилген.
Чет жактарда эс алууда жүрүп, кырсыктан каза тапкан кыргызстандыктар буга чейин да катталган. Быйыл жаңы жыл күндөрү Мальтада эс алып жүргөн 48 жаштагы кыргызстандык аял сууга чөгүп каза болгон, анын 23 жаштагы кызы жараат алган.(ZKo)