Тажикстандан өткөн үйлөр чек ара жаңжалында үй-жайы күйгөндөргө берилет

Чек ара тактала электе жаңжалдар чыгып, адам өлүмү менен аяктаган, үйлөр талкаланып, өрттөлгөн окуялар катталчу. Баткен. 2022-жылы тартылган сүрөт.

Тажикстан менен чек араны тактоодо алмашуу иретинде кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген 200дөн ашуун үйдү чек ара чатагында жабыркагандарга бөлүштүрүү каралууда. Бул тууралуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши алкагында былтыр Тажикстандан 213 турак үй Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул үйлөр боюнча атайын комиссия иштеп, анын жыйынтыгы жакынкы апталарда чыгарылат.

Рахимов аталган үйлөрдү 2021 жана 2022-жылдагы чек ара жаңжалдарында үй-жайы өрттөнгөндөргө берүү каралып жатканын маалымдады:

“Биз буга чейин чек ара жаңжалдарында күйгөн үйлөрдүн санын тактап, маалыматты жибергенбиз. Аларга экинчи үй катары берилет. Тажикстандан өткөрүлгөн үйлөр ага жетет”.

Былтыр март айында Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын толук тактаган макулдашууга кол койгон. Узак жылдарга созулган чек ара талашына чекит коюлган. Алмашылган турак жайларды өткөрүп берүү жараяны 2025-жылдын соңуна барып аяктаган.

Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.
Чек ара такталып бүтө электе ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болгон.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза тапканы расмий жарыяланган. 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.(JsA)

Дагы караңыз

"Макулдашылган келишим даяр". АКШ менен Иран мунасага жакындадыКыргызстан Кытайдан соттолгон жарандарын кайтарууну тездетүүнү өтүндүАКШ менен Иран ортосунда мунаса дээрлик табылганы маалымдалды18 жашында согушта курман болгон орусиялыктар 200гө чамалады