Украинанын президенти Владимир Зеленский аскер кызматкерлеринин маянасын көбөйтүү жана украин армиясынын структурасын өзгөртүү тууралуу чечимдер даярдалып жатканын билдирди. Анын айтымында, Куралдуу күчтөрдө мөөнөтү чектелген жана аяктоо шарттары так көрсөтүлгөн үч типтеги келишимдер колдонулат.
Ошондой эле аскер кызматкерлеринин маянасы көбөйтүлүп, чет элдиктерди жалдоо механизмдери аныкталат.
Зеленскийдин айтымында, тылдагы аскер кызматкерлери кеминде 30 миң гривна (болжол менен 580 евро), ал эми согуштун алдыңкы тилкесиндеги аскерлер орточо 300 миң гривна (болжол менен 5800 евро) алышат, ошондой эле "украин согуш командирлери үчүн төлөмдөр көбөйтүлөт".
Украиналык жөө аскерлер дүйнөдөгү эң жогорку айлык алган аскердик адистерге айланары белгиленди – эң көбү 460 миң гривнаны (8900 евро) түзөт.
Ошол эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путин армиясынын штаттык санын 2,399 миллион адамга чейин көбөйттү. Анын кол койгон жарлыгына ылайык, Куралдуу күчтөрдүн жалпы штатынан 1,51 миллион адам аскер кызматкери болот. Путин билдиргендей, учурда Украинага каршы согушка 700 миңден ашык орус жоокери катышууда.
Быйылкы жылы Орусияда аскерлер саны ушуну менен экинчи жолу көбөйтүлүүдө. Март айында Путин бул көрсөткүчтү 1,502 миллион адам деңгээлинде белгилеген. Украинага кол салган 2022-жылга чейин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн саны бир миллиондон бир аз ашык адам болчу.