14-июнга караган түндө Орусия аскерлери Украинага жалпы 98 учкучсуз учак менен сокку урганын, 91и жок кылынганын украин Куралдуу күчтөрү маалымдады. Алты жерге жети дрон тийгени жана төрт жерге дрон сыныктары түшкөнү катталды.
Орусия аскерлеринин Сумы облусуна урган соккусунан эки адам мерт кетип, төрт адам жаракат алганын Украинанын Улуттук полициясы билдирди.
"Белополь районунда соккунун натыйжасында 64 жаштагы аял мерт болду, 51 жана 66 жаштагы эки эркек киши жаракат алды. Середино-Буд районунда дрон жер үйгө тийип, 57 жаштагы аял мерт кетти", - деп жазылган билдирүүдө.
Днепрге соккудан жети адам жаракат алды, үчөө ооруканага жаткырылды. Чабуул жеңил өнөр жай ишканаларына жасалганын Днепропетров облустук аскер администрация башчысы Александр Ганжа маалымдады.
Акыркы суткада Запорож облусуна жасалган орусиялык соккудан бир адам мерт болуп, үч киши жаракат алганын облус башчысы Иван Федоров билдирди. Анын сөзү боюнча жалпысынан аймактагы 41 конушка 830 сокку урулган.
Донецк облусунун Славян аймагында орусиялык дрон жүк ташуучу унаага тийип, айдоочу жаракат алганын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.
Херсондо орусия чабуулунан беш адам жаракат алган. Облустук аскердик администрациясынын маалыматына караганда, орусиялык аскерлер коомдук тамактануучу жайдын имаратын, автосалонду, кампаларды кыйратып, айыл чарба техникасын керектен чыгарган.