Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:04

АКШда ФСБ менен кызматташкан орусиялык жаран 14 айга кесилди

Номма Зарубина
Номма Зарубина

Нью-Йорктун Түштүк аймактык федералдык соту орусиялык Номма Зарубинанын Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен кызматташканы тууралуу АКШнын Федералдык иликтөө бюросуна (ФБР) жалган маалымат бергени үчүн 14 айга эркиндигинен ажыратты.

Өкүм айыптоочулар сураган эң аз жаза мөөнөтү - 18 айдан кем, бирок камакта отурган убактан көп мөөнөткө берилди. Сот Зарубинаны Коннектикут штатындагы Данбери түрмөсүнө жаза мөөнөтүн өтөөгө жиберүүнү сунуштады.

Зарубинанын сот дайындаган адвокаты Кристофф Уильямс жаза мөөнөтү аяктаган соң, орусиялык жаран мекенине депортацияланышы мүмкүндүгүн, ошондуктан ага камакта өткөргөн убактысындай гана мөөнөт суралганын билдирди. Судьяга жазган катында Зарубина кечирим сурап, АКШда калтырууну өтүнгөн.

ФБРдин версиясына ылайык, 2020-жылы Зарубина ФСБга азгырылган жана Alyssa ("Алиса") деген жашырын ысым алган. Орусиялык атайын кызматтардын тапшырмасы менен ал журналисттердин жана эксперттердин арасында байланышын күчөткөнү ырасталууда. 2021-жылы, сот отурумунда айтылгандай, ал ФБРдин кызматкерлерин адаштыруу үчүн, орусиялык атайын кызматтар менен байланышта болбогонун айткан.

Зарубинага айып 2024-жылы ноябрда коюлган. Башында аны камактан күрөөгө кое беришкен, бирок 2025-жылы декабрда сот аны кайрадан камакка алууну чечкен.

2026-жылы февралда Зарубина соттогу көрсөтмөлөрүн өзгөрткөн. Отурумдун протоколуна ылайык, ал өзүн айыптоонун эки пункту боюнча: ФБРге жалган көрсөтмө бергени жана АКШ жарандыгын алууга арыз бергенде жалган маалымат бергени үчүн күнөөсүн мойнуна алган.

Зарубинага каршы иште ошондой эле 2016-жылы анын устаты АКШдагы орусиялык мекендештердин Координациялык кеңешинин башчысы Елена Брэнсондун ысымы аталган. Брэнсон 2022-жылы орусиялык агент катары мыйзамсыз иштегени үчүн айыпталган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG