Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

"Эркекти жаман көргөзөт". "Куракка" тыюу салуу цензурабы?

"Курак" тасмасынан алынган кадр
"Курак" тасмасынан алынган кадр

Аялдарга зомбулукту баяндаган “Курак” фильми Кыргызстанда көрсөтүлбөйт. Буга “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборборунун прокаттык каттоо күбөлүгүн берүүдөн баш тартканы себеп болгон.

Мекеме мындай чечим мекемелер аралык эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде кабыл алынганын билдирди. Бул окуя коомчулукта жана чыгармачыл чөйрөдө кызуу талкуу жаратып, көркөм чыгарманын чеги жана цензура тууралуу суроолорду кайрадан күн тартибине чыгарды.

“Курак” Бишкекте өтүп жаткан эл аралык кинофестивалдын алкагында 11-июнда көрсөтүлмөк. Тасманын авторлору Кыргызстанда прокаттан алуу чечими бир күн мурда кабыл алынып, “Кыргызтасмасы” мамлекеттик каттоо күбөлүгүн берүүдөн расмий баш тартканы себеп болгонун билдиришти.

Фильмдин режиссеру Эрке Жумакматова бул чечим ага оор тийгенин жашырган жок.

“Департаменттен 8-9-июнда да жооп келген жок. Биз баарыбыз кинофестивалда иштеп, бошобой жүрдүк. Мен тынчсыздана баштадым. 10-июнда мага “Курак” прокатка сунушталбайт деген жооп келгенин, чыкпай турганын айтышты. Бул фильмди тартуу ишине жети өлкө көмөктөшкөн. Алар Кыргызстандан тышкары, Швейцария, Сербия, Нидерланд, Франция, Люксембург жана Италия. Бул ушунча көп өлкө катышкан жана ири масштабдагы өлкөдөгү алгачкы эл аралык долбоор болчу”.

Режиссер тасма кандай негизде көрсөтүлбөй турганын түшүндүргөн расмий документти колго ала электигин кошумчалады.

"Курак" тасмасын режиссер, маркум Эмил Атагелдиев тарта баштаган. Ал эки жыл мурда каза болгондон кийин тартуу ишин Эрке Жумакматова уланткан.

Авторлор белгилегендей, “Курак” тасмасы бир канча эл аралык сыйлыктарды жеңген. Түндүк жана Түштүк Америка, Европа жана Азия өлкөлөрүндөгү ири кинофестивалдарда көрсөтүлгөн.

“Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору бул боюнча толук комментарий берүүдөн карманып, чечим эксперттик комиссиянын протоколунун негизинде кабыл алынганын гана маалымдады.

“Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору режиссерлор Эрке Жумакматова менен Эмил Атагелдиевдин “Курак” аттуу көркөм тасмасын көрүп чыгып, мазмунуна байланыштуу мамлекеттик каттоо күбөлүгүн берүү маселеси боюнча эксперттик баа алуу максатында 2026-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментине жөнөткөн. Кинематография департаменти тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн протоколдук чечиминин негизинде “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору тарабынан “Курак” көркөм тасмасына мамлекеттик каттоо күбөлүгүн бербөө чечими кабыл алынган”, - деп билдиришти мекемеден.

"Курак" чыныгы окуяларга негизделген социалдык драма. Көркөм тасма заманбап патриархалдык коомдогу аялдардын укугуна байланыштуу маселени козгойт. Акыркы жылдары Кыргызстанда айрым тасмаларды көрсөтүүгө уруксат берилбей калган же алардын айланасында талаш-тартыш чыккан учурлар буга чейин да катталган. Мындан улам соңку чечим коомчулукта жана чыгармачыл чөйрөдө көркөм чыгарманын чеги жана цензура тууралуу суроолорду кайрадан күн тартибине чыгарды.

Кино сынчы Султан Усувалиев тасмаларды алдын ала текшертүүнү "цензура" деп эсептейт.

“Бул зомбулукка кабылган аялдар темасы тууралуу курч социалдык картина. Аны чоң экранда көрсөтүп, улуттук прокатка чыгарыш керек. Тасманын көркөм картинасы баарына жагышы же жакпашы маанилүү эмес. Эгер ал биз жөнүндө, биздин көрүүчүгө тартылган болсо, аны талкуулайлы, ачык айталы. Ошондуктан мен тасмаларды текшертүүгө каршымын, анткени бул цензура”.

Аталган тасма кайсы эпизод же кандай негизде прокаттан алынганы тууралуу азырынча так маалымат жок.

“Курак” фильминин алгачкы сценарийин талдаган комиссиянын мүчөсү, режиссер Эрнест Абдыжапаров мүчүлүштүктөр болгонун айтууда.

“Сценарийди окуганда эле ушул боюнча элге чыгарганга болбойт деп айткам. Ал аял менен эркектин ортосуна жик салат. Мындайча айтканда, феминисттик көз караш менен эркектерди басмырлаган тасма болуптур. Эмилге [Атагелдиев], сени сыйлап, өткөрөлү. Бирок сөз бер деп, кошумча кыла турган жерлерин айткам, ошондо өтөт дегем. Ошондон баштап комиссияга кинону көрсөтүшкөн жок. Ак бөлүнүптүр, кино тартылыптыр, фестивалдарда жүрүшөт. Бирок биз тасманы көрө алган жокпуз”.

Кыргызстанда буга чейин “Өч-2” тасмасына да көрсөтүүгө тыюу салынган.

Борбор калаада IV Бишкек эл аралык кинофестивалы 7-июнда башталган Анын алкагында Борбор Азия жана чет элдик режиссерлор тарткан тасмалардын сынагы өтүп, жергиликтүү кино ишмерлеринин фильмдери көрсөтүлдү. Фестиваль 12-июнда жыйынтыкталды.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Эшбаева

    Гүлжан Эшбаева "Азаттыктын" миграция темасын чагылдырган журналисти. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган.  

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG