АКШ Иран менен макулдашууга Трамптын туулган күнүндө кол коюлушун күтүп жатат

Тегеран. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегерандын макулдашуусуна жекшембиде - 14-июнда кол коюларын билдирди.

"Макулдашууга эртең кол коюлушу керек, ошол замат Ормуз кысыгы бардыгы үчүн ачык болот", - деп жазды ишембиде Трамп Truth Social соцтармагына.

Жакынкы суткада макулдашууга кол коюлушу ыктымалдыгын Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф да ишембиде билдирди. Анын сөзүнө караганда, тараптар тынчтык келишим түзүүгө өтө жакын калышты, келишим 24 сааттын ичинде жыйынтыкталышы күтүлүүдө.

Иран бул датаны ырастаган жок. Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи макулдашуу жакынкы күндөрү түзүлүшү ыктымалдыгын айтып, бирок бул жекшембиде ишке ашырыларын тастыктаган жок.

Fars агенттиги булактарына шилтеме кылып, Тегеран документке Трамп муну саясий жана маалыматтык максаттарына пайдаланат деген чочулоодон улам бул күнү кол коюуну каалабай турганын белгиледи.

Axios маалымдагандай, өз ара түшүнүшүү меморандумунун тексти макулдашылган жана акыркы бекитүүнү күтүүдө. Документ Ормуз кысыгын кемелер үчүн ачууну жана Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы этабынын башталышын камсыздайт.

Ошол эле учурда тараптар арасында негизги маселелер боюнча пикир келишпестик сакталууда. Трамп АКШ Иранга акча төлөбөсүн жана анын жогорку деңгээлде байытылган уран запастарын жок кылууну көздөй турганын билдирди.

Тегеран Ирандын активдерин бошотууну жана Ормуз кысыгынан акы алуу укугун сактап калууну талап кылууда.

Ynet жана Axios маалымдагандай, өз кезегинде Израил аткаминерлери макулдашуу Вашингтондун ашыкча жеңилдиктеринин натыйжасы деп эсептешет. Ynet агенттигинин булагы "Трамп биздин көңүлдү калтырды" десе, экинчи булагы талкууланып жаткан макулдашууну "эң жаман" деп сыпаттаган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху меморандумга ачык каршылыгын билдирген жок, бирок мурдараак макулдашуу Израилдин Ирандын өзөктүк программасына байланышкан максатына толук жетүүсүнө мүмкүнчүлүк береринен шек санаган.

Дагы караңыз

Орусияда дрон чабуулунан мунай базасы өрттөндү, айрым аймактарда кара май тартыш Орусиянын Сумыга соккусунан эки адам мерт болдуУкук коргоочу Азиза Абдирасулова өзүнө телефондон коркутуу болуп жатканын билдирдиТүркия-Өзбекстан аскердик кызматташтыгы: Борбор Азияга кандай таасир этет? "Туңгуч" онлайн мектеби тил үйрөтүүгө, окуучуларды олимпиадага даярдоого укук алды