Президент Жапаров Кыргызстанда чет элдик жумушчулар көбөйдү деген сындарга комментарий берди

Президент Садыр Жапаров Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салган учурда. 14-июнь 2026-жыл

Президент Садыр Жапаров 14-июнда Балыкчы шаарында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салган учурда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандагы чет элдик жумушчулар темасына токтолду.

Ал темир жол тармагындагы жетишкендиктерди мисал келтирип, ири долбоорлорго Кыргызстан чет жактан жумушчуларды тартканга мажбур экенин айтты.

"Ошондуктан, блогерлер дейбизби, оппозиция дейбизби же өзүн көрсөткөн популист саясатчылар дейбизби, “каптап кетти, жайнап кетти” деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат да. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек. Албетте, мына биз ушундай өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, өзүбүздүн колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз. Ал эми “өзүбүз курабыз” деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге блогерлерибизди барбагыла деп мен чакырып кетем", - деди Жапаров.

13-июнда Бишкекте жарандык активист Мавлян Аскарбеков кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде айып тагылып жатканы белгилүү болгон.

12-июнда активист Фейсбуктагы баракчасына өзүнө карата провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын жазып чыккан.

"Премьер-министрге кайрылып, Кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы тууралуу айттым эле. Конструктивдүү талкуулап, эл алдында түз эфирде дебатка чакыргам. Базар күнү үйүмө үч УКМК кызматкери келип мени менен сүйлөшүп, жашыруун камерага тартышып, монтаждап азыр чыгарып жатышат", - деп жазган ал жума күнкү постунда жана интернетте тараган видеону кошо тиркеген.

13 мүнөттүк "Жалган маалыматтын изи менен. Мавлян Аскарбековдун далилсиз сенсациясы" деген видеодо активисттин буга чейинки билдирүүлөрү сынга алынып, "өлкөнү эч ким каптап кеткен жок, улуттук коопсуздук маселеси мыйзам менен темирдей корголгон" деп айтылат.

2024-жылдын аягында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу расмий башталгандан кийин өлкөдө кытай жарандары көбөйгөнү тууралуу сөздөр чыккан. Кытайлык жарандар аралашкан ар кандай окуялар катталган.

Президент Садыр Жапаров ал кезде кытай жарандары ири долбоорлорго байланыштуу убактылуу келгенин, ар бир мигрант көзөмөлдө экенин билдирген.

Дагы караңыз

Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолунун курулушу башталды Британия Ла-Маншта Орусиянын "көмүскө флотунун" танкерин кармады