Статистикага таянсак, Кыргызстанда калктын дээрлик 97% таза сууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок анын инфраструктурасы түзүлгөн эмес. “Азаттык” ондогон жылдар бою таза сууга зар элдин турмушун Ош облусундагы эки айылдын мисалында көрсөтүп берет.
Ноокаттын Кайрагач-Бел айлындагы көчөдөн таңды-кеч суу көтөргөн кыз-келиндердин аягы үзүлбөйт.
Үмүтай Алишер кызы бул айылга келин болуп түшкөн 15 жылдан бери сууну айылдын башындагы булактан ташыйт.
Үмүтай Алишер кызы, Ноокат, Күңгөй айылынын тургуну. Ош облусу 2026
“Үч жолу кесарево менен төрөдүм. Оор жүк көтөргөнгө мүмкүн болбосо дагы булакка барып суу ташып келем. Кир жууган күндөрү эки-үч жолу каттайм. Огородго жогору жактан латок келет ошодон буруп келебиз. Аны дагы кызымды ар жерге отургузуп, каратып туруп анан буруп келиш керек болот. Суу ташыгым келбей калганда ошол латоктон аккан кир сууну тундуруп ичип алабыз. Суубуз таза болбогондуктан кызым үч жашында сарык болду. Азыр курт оорусу менен ооруп атат. Чачы дагы агарып кетти, догдурлар курттун кесепети дешет. Дарыландык, жазгысын булганыч суу ичкенде эле ушундай болуп кетип жатат. Бизде таза суу ичкиле дейт, суу жок да. Булактан алып келген суунун деле даамы жок, башыңды жуусаң чачың майланышып, чапташып калат".
Айылдагылар кир-когун жууганга жамгырдын суусун чогулутуп алышат. Бирок кургакчылык болгон айларда баары бир булактан ташып келүүгө аргасыз.
Ноокат районунун Күңгөй айылында таза суу жок. Тургундар каналдан, тоо боорунда жылжып аккан булактан ташып ичет. 2026
"Колду сууну азыраак агызып жуу деп турабыз да. Суу болсо биз дагы душ, кол жууган жайларды орнотуп, шарт түзөт элек. Балдарыбыз дагы кенен-кесир колдонот эле. Өзү негизи жамгыр жааганда сууларыбыз булганып, ылайланат. Ошого карабай кир чайкаганга чогултуп алабыз", - дейт Үмүтай.
Ноокат районунун Кайрагач-Бел айылынын тургундары каналдан аккан сугат сууну ичет. Айылда сарык менен ооруган балдар көп. 2026
Үмүтай жашаган Күңгөй айылы 30 жыл мурда түптөлүп, ошондон бери суу маселеси чечилген эмес. Күңгөй айылындагы мектептин ашпозчусу Зарипа Бекенова бул курч маселе болуп жатканын кошумчалады:
"Көчөдөн алып келген суубуз ушинтип ылайланып, астына тунуп калат. Ар жумада тазалап турам. Кудай сактасын деп эле иштетип жатабыз. Башта чай менен печенье, момпосуй гана берчү элек. Былтыртан тартып ысык тамак кирген. Бизге таза суу келбей, сууну ташып ичебиз. Өзүбүз, мектептин айланасында жашагандар дагы 1996-жылы бөлүнсөк дагы таза суу маселеси курч. Мектеп деле, айылдагылар деле суу токтогон маалда ташып ичебиз. Кышкысын катуу суукта эки булагыбыздан ташып келебиз. Мектепке дагы ошондон алып келип жатканбыз. Мурда чай эле берген үчүн суубуз жетип жүргөн. Азыр эми өтө кыйын, ысык тамак, идиш жууш керек, балдар колун чайкаш керек, мектепти тазалайбыз".
- Алып келген суу тазабы, ал кандай келет?
"Суу ташыган машиналарын хлор салып тазалап турат дешти. Чили-Сайдан, өздөрү чыгарган жерлерден алып келдик деп айтышат. Бир алып келгенибиз бир аптага жетпейт. Бир жумада бир тазалап турам. Кээде алар келбей калганда окуучулардын жардамы менен, кээде балам жардам берип, мектептин кароолунун жардамы менен ташып келебиз. Негизи биз сууну кенен, жакшы иштетиш үчүн бир жумада эки жолу алып келишибиз керек. Ошого сууну үнөмдөп иштетебиз. Бир тонна сууну силер жак алыс деп 500 сомго алып келет. Ага кээде ата-энелер кайрымдуулук кылып, демөөрчү болот, айрым учурда мугалимдер чыгат, анан өзүмдүн балам дагы мага жардам болсун деп алып келип берет".
Он жыл мурда ачылган Күңгөй-Нуру мектебинде 150дөй окуучу билим алат. Окуучуларга бир маал ысык тамак берилгенден тарта суу көп керектеле баштаган.
Зарипа Бекенова, Күңгөй-Нуру мектебинин ашпозчусу. Ноокат району, Ош облусу.
Ноокаттын 14 миңдей калкы бар Бел айыл аймагы беш айылдан турат. Алардын баарында таза суу жок.
Эл ичкенге дагы, сугатка айылды айланып аккан каналдан суу аларын Кайрагач-Бел айылдык кеңешинин депутаты Залкарбек Шакиров айтып берди:
“Биздин сугат суубуз дагы, ичүүчү суубуз дагы ушул. Ушул сайдан, каналдан пайдаланабыз. Жаан-чачын болгон учурда, жайлоодон бүт ылайдын бардыгы, уйдун тезегинен баштап бардык нерсе ушул жакка агып келет. Каналдын азыр биз турган жери бетондолуп турат, айылды аралап өткөн аймагында сууга таштанды, памперс ыргыткандар бар. Ошолордун бардыгы келип ушул трубадан агып кетет".
Бел айыл өкмөтүнө караган беш айылдын баары Сапарбаев каналындагы сууну колдонушат. Айылдарды аралап аккан суу жылдын бардык мезгилинде тең дароо ичкенге жарабайт. Аны тунутуп, кайнатып, тазалап алыш керек.
Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Акылбек Ырысбаев учурда документтер даярдалып, жакшы корутунду алганын белгиледи:
Акылбек Ырысбаев, Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
"Таза суу союз тарагандан берки чоң көйгөй. Акыркы жолу таза суу 1982-жылы тартылган экен. Анда айылдар кичине болчу, андан бери бир топ конуштар, айылдар пайда болду. Ачыгын айтыш керек бизге таза суу кирген эмес, айылда таза суу жок. Сапарабев каналы сугат сууга пайдаланылат, азыр ошону таза, ичүүчү суу катары пайдаланып келатабыз. Учурда суу кампаларын даярдоого жерди которуп, трансформациялоого документтер оң корутунду алып райондук администрацияга тапшырдык".
Жергиликтүү тургундар өз эсебинен каналдан суу тартып, айылга чейин түтүктөрдү алып түшкөн.
Ноокат районунун Кайрагач-Бел айылынын тургундары каналдан аккан сугат сууну ичет. Айылда сарык менен ооруган балдар көп. 2026
Бирок бул дагы маселени чечпей, кышкысын маселе жаратарын айылдык кеңештин депутаты Залкарбек Шакиров айтып берди:
Залкарбек Шакиров, Ноокаттагы Кайрагач-Бел айылдык кеңештин депутаты. 2026
"Эң чоң маселе, бул жайлоодон келген суу, кышында суунун басымы азаят. Айылдын башында курулган ГЭС бар жеке менчик, ошол өзүнө керектүү сууну топтоо үчүн дарбазасын жапканда, каналдын суусу токтойт. Ал эми бул трубалардын ичинде суу болот, суу өйдө жактан токтогондо трубадагы суулар дагы тоңот. Ал эми жазында дарбазаны ачканда кум, таштандынын баары агып келип трубаларга толот. Анан жазга чейин мунун эришин күтөбүз, жазында кумун тазалаш керек. Бул түтүктү айыл эли өз эсебибизден тартып алганбыз. Муну биз таза суу катары колдонобуз, бирок бул агын суу. Бардык нерсеге ушудан пайдаланабыз. Кышында суу тоңгондо ичүүчү дагы, агын дагы суу токтойт. Сапарабев каналынын наркы башында Чили-Сай болуп Араванга түшүп кетет. Техникасы барлар техника менен болбосо эшек, ат менен ташып ичебиз. Болжол менен 6-7 чакырым аралыкка тоң чыкканча ташып ичебиз. Жаз келгенде тоңуп калган трубалар жарылат, кээ бири керектен чыгат. Бул түтүктөрдү койгонубузга болгону төрт жылдай болду, ушунун эсебинен жараксыз болуп калды. Кээ бир көчөлөрдөн суу чыкпай калды".
Ноокат районунун Кайрагач-Бел айылынын тургундары каналдан аккан сугат сууну ичет. Жамгыр жааганда суу ыйланат.
"Айла жок, айла жок ошол ылай боюнча пайдаланабыз. Кичине тунутасың, бирок таза суу дегендей тунубайт да. Биз эл өзүбүз жасаганга байланыштуу ичүүчү сууга деген трубаларга пайдаланган эмеспиз. Биз сугат сууга коюлчу трубаларды түтүктөрдү эле койгонбуз, азыр ошонун эсебинен эле ичип жатабыз", - дейт Шакиров.
Таза суу - калктын саламаттыган түз байланышкан маселе. Ичүүчү таза суу болбогон айылдардын баарында ичеги-карын жана жугуштуу оорулар маселеси курч. Бел айыл өкмөтүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Айнур Пайизова дагы ушул көйгөйгө токтолду:
Айнур Пайизова, 19-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу клиникалык жетекчи. Ноокат, Кайрагач-Бел айылы. 2026
"Үч айылды тейлейбиз. Таш-Булак, Кайрагач жана Күңгөй. Бардыгыбыз эле ошол каналдан агып келген суудан ичебиз да. Канализация жок, жер алдынан суу чыкпайт. Ошондуктан булганган суу келет да. Чындыгында эле ал адамдарга абдан чоң көйгөй жаратат. Ичеги-карын оорулары, вирустук гепатиттин А түрү кир суу ичкенден пайда болот. Ошол оорулар бизде абдан көп катталат. 2023-жылы балдар арасында 75 учур катталган, бул кичине айыл үчүн чоң көрсөткүч. Былтыр 49 болду, быйыл жыл башынан бери алты учур катталды. Бул көбүнчө күзгө жакын, эшикте ойноп, арыктан суу ичкен учурда көбөйөт. Андан сырткары мите курт дагы көйгөйлүү маселе. Мектеп, бакчаны текшерип анан жугуштуулугу текшерет да. Бизде балдар арасында мите курттардын тарашы жогорку деңгээлде. Гигиенаны канча сактаса деле, канча дарыласаң деле таза эмес, кайнатылбаган суу ичпесе, колун таза жуубаса жуга берет".
Былтыр Кыргызстанда 8 миң 442 кишиден гепатиттин А вирусу аныкталган.
Бир эле Ноокат эмес, Ош облусунун башка райондорундагы айылдарда да суу маселеси курч.
Президент Садыр Жапаров өткөн айда Ош облусуна жети районунда эл менен жолугуп, таза суу маселеси чечилип келатканын айтты.
“Жылына 20-30дан айылдарга суу чыгарып берип жатабыз, ушинтип отуруп 2030-жылга чейин бардык айылга суу чыгарабыз. Кайсыл айылда азыр суу жок болсо акыры чыгарып беребиз...”
Оору эң көп таза суу көйгөйү курч Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайылган. 2026
Алайдын Будалык айыл аймагы алты чакан конуштан турат. Алардын бири биз барган Кум-Шоро айылы.
Алай, Будалык айылынын Кум-Шоро кыштагы.
Будалык 2025-жылдагы аймактык реформадан кийин Гүлчө шаарына кошулган. Айыл сел жана көчкү коркунучунан улам кооптуу кызыл зонада жайгашкан. Бул жердеги эл мал-жандык кечкен, жамгырда жошолонуп аккан сууну ичет. Айылдын тургуну Элмира Төлөнова үйүндө таза суусу жок, жамгырдын суусун кайнатып чай кайнатканына кейип турат:
“Мектепте иштегениме 30 жыл болду. Алыс жактан суу ташып келип пол жууйбуз. Жаан жаап калса ошол сууга жууйбуз. Суудан жаман кыйналдык. Азыр түшкү тамактанууга барсам, жаандын суусун бош идиштерге толтуруп коюшуптур. Иий, мен жаандын суусунан чай ичет экенмин деп кобуранып келип отуруп калдым эле. Арманымды айтайын деп келатам, бул жерге канча адамдар келди. Балдар иштейт, эптеп бошогондо алып келет. Ал болбосо мен суусу жок эле калам. Машинасы барлар бул жерде көп, алар машинасы менен ташып ичет. Менин машинам жок, сууга деле бара албайм, карыдым. Аларга "алып келип бер" деп жалдырайм, алар деле бекер алып келбейт да. Суудан жаман кыйналдык. Анан таза суу, таза чай ичкиң келет. Биз дагы карыдык. Мен дагы тандап ичкен адаммын. Таза суудан жакшына бир чай демдеп ичким келет...”
Элмира Төлөнова, Кум-Шоро айылынын тургуну.
Элмира апа шартына карап эшек менен суу ташыйт. Кээде эшек да артпай каларына кейип, жаан жааганда бош идиштердин баарын толтуруп алганын көрсөттү.
"Жаандын суусун бүт идиштерге толтуруп коюптур. Кээде даарат алганга дагы суу жок болуп калат какшып. Минтип казанга дагы жаандын суусун толтуруп коюптур, башка таза суу жок. Азыр ушундан чай кайнатып, мектепке барып отуруп калдым эле. Таза суу ичип, жакшына боло албадык. Суудан абдан кыйналдык. Азыр Кудайга шүгүр деп отурам да. Келин болуп келгениме 30 жыл болду, ошондон бери эле ушинтип келатабыз. Ылай суу ичип, эшек менен ташып… Ак кар, көк музда дагы эшек менен ташып келебиз. Балдарым талаага иштегени кеткенде өзүм ташыйм, эшегим бар. Эшегим жыгылбаса экен деп кудайлап келем. Айылдын баары эле ошондой. Кыйындар суу кампа куруп алышкан, аларга деле таза суу жок, ылай суудан толтуруп алышып тундуруп ичишет.
Айылдагылар сууну 4-5 чакырым алыстан ташып келет. Кол арага жараган бала-чака болбосо, улгайган кишилерге суу ташуу кыйын. Машинасы барлар 14 чакырым алыстыктагы Гүлчө шаарынан алып келишет. Андай мүмкүнчүлүгү жоктор арыктагы суудан колдонууга аргасыз. Кум-Шоронун кайсыл гана үйүнө баш бакпа кызыл-тазыл желим челектер турат.
Айылдагы ар бир үйдө дарыядан суу тартчу мотор бар. Бул тиричиликти бир аз жеңилдеткени менен, таза суу маселесин чечкен жок. Айыл тургундарынын айтымында, дарыянын суусу шорлуу. Самын жакшы көбүрбөйт, терини кургатат. Ошондуктан көпчүлүк жаан суусун чогултуп пайдаланууга аракет кылат.
Алай районунун Будалык айылына карган Кум-Шоро кыштагы.
Суу ташуу - негизинен аялдардын жана балдардын моюнундагы түйшүк. Алып келгенден кийин аны тундуруп, сактап, үнөмдөп пайдалануу дагы үй кожейкелеринин сарамжал, тыңдыгына байланыштуу.
Кум-Шоронун тургуну Айнаш Жаркынбаева ылай болсо дагы дарыядагы сууну тундуруп ичерин айтып отурду.
“Жаан жааганга байланыштуу бир аз муктаж болбой калдык. Таза сууну Гүлчөдөн же наркы айылдардан алып келишет балдар. Болсо ошодон, болбосо ушул суудан ичебиз. Тундурабыз, анын дагы үстүнө балыр өсүп кетет, аны сүзүп, тундуруп ичебиз. Эки фляга алып келсең жарымы эле ылай чыгат. Жаандын суусун ичсек тамагыбыз ооруйт, анан ушул суудан ичкенге туура келет. Ушул жерде жашаганыма 40 жыл болду, ушундан эле ичип келатабыз. Балдардын эшекке эле алдары жетет, ошол менен гана ташыйт. Азыр эшектер дагы талаада болуп кыйын болуп жатат бизге. Ташып барган суубузду үч күн тундурабыз. Болбосо кошуналардан суу берип турчу деп сурайбыз".
Айнаш Жаркынбаева, Кум-Шоро айылынын тургуну
Суу көйгөйүнөн улам айылдагы 56 бала тарбияланган бала бакчанын түйшүгү өтө оор болчу. Бир жылдан бери суу кампасы курулуп, маселе убактылуу чечилгендей болду.
Алай районунун Будалык айылы таза сууга муктаж. 2026
Үч жыл мурун демөөрчүлөрдүн жардамы менен айылга таза суу чыгаруу аракети болгон. Бирок эч ким өтөсүнө чыга албады дейт айылдагылар. Ашар жолу менен дагы түтүк тартып көрүшкөн. Кыштын суугунда түтүктөр жарылып, мээнеттери текке кетиптир.
Гүлчө шаарынын мэри Нурсултан Тажибаев быйыл биз барган Кум-Шоро кошулуп, төрт айылга таза суу бара турганына ишендирип жатат:
"Гүлчө шаарынын беш участогу бар, долбоор боюнча Октябрь, Кайнама, Кара-Суу, Кум-Шорого быйыл суу киргизебиз деп жатабыз. Жалпы сметалык баасы 101 млн сом. Аны АйСтрой 86 млн сомго утуп, курулуш иштерин жасап жатат. 70-80% иштер бүтүп калды. Август айында суу берилип калат деп пландап жатабыз. Бул республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Мындан сырткары Тамга-Терек жана Оро-Дөбө деген айылдар бар. Аны бул долбоордун жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен ишке ашырууну сунуштап жатабыз".
Нурсултан Тажибаев, Гүлчө шаарынын мэри. Алай району
Кыргызстанда жалпы 2014 айылдын 60 пайызында таза суу жок. Айрымдарында долбоорлоо, куруу иштери жүрүп жатат. Быйыл 70тен ашуун айыл суу менен камсыз болору пландалууда. Бардык айылды таза суу менен камсыз кылууга 1,3 млрд доллар талап кыланарын Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүкүтүрүү департаментинин жетекчи орун басары Зарылбек Каратаев "Азаттыкка" билдирди.
“405 айыл ичүүчү суу менен камсыз кылуу тутумдарын курууга муктаж. Быйыл 73 айылга суу киргизебиз деп паландап жатабыз. Министрлер кабинетинин атайын токтому бар, ага ылайык критерийлер бекитилген. Ошого жараша талаптарга жооп берген айылдар тизмеге киргизелет. ага райондук борбордон алыс, тутумдардын эскилиги жеткен деген критерий бар. Мындан сырткары сметалык долбоору, документтери бар. Ошого жараша тизмеге кирип, каражат бөлүнөт. Суу көйгөйү жетишсиз аймактардын сап башында Жалал-Абад облусу, анан Чүй, үчүнчү орунда Ош облусу турат. Нарында сырткы өнөктөш, АБР менен чоң программа ишке ашырылып, 90% чейин айылдар камсыз болду".
Зарылбек Каратаев, Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүкүтүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары:
Таза менен камсыз кылуу үчүн чет жактардан дагы долбоорлор каржыланып келген. Кыргыз өкмөтү 2030-жылга чейин таза суу маселесин чечүүнү көздөп жатат.
“Азыр сырткы каржы булактары менен тыгыз иштешип жатабыз. Анын алкагында Ысык-Көл, Чүй жана Ошто 126 айылды камтыган программа ишке кирүүдө. 2028-жылга чейин ушунча айыл таза суу тутуму менен камсыз болот жана социалдык объектилердин санитардык абалы жакшырат. Бул программадагы өнөктөштөр Дүйнөлүк банк, АБР, АПЕК кирет, жалпы 200 млн долларды түзөт. Биз бул тармактагы программаны иштеп чыкканбыз, анда жалпысынан болжол менен 1,3 млрд доллардай керек. Бул жылы республикалык бюджеттен 3 млрд сом каралган. Бул өнөктөштөр менен иш алып барып жаткан долбоорлорго тиешеси жок. Ал эми сиз айткан Кайрагач, Бел, Борбаш жана Күңгөй айылдары дагы биздин титулдук тизмеде. Долбоордук сметалык документтерди быйыл бүтүрсө 2027-жылы ишке ашырууга киришет. Негизи эле бул ишти алып барууда долбоордук-сметалык документтерин түзүүдө дагы бир канча көйгөй жаралды. Ушундай долбоор түзгөн институттар жок экен”, - деди Каратаев.
Оору эң көп таза суу көйгөйү курч Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайылган.
“Суу өлгүдөй ылай болду. Аны деле тундуруп пайдаланабыз. Былтыр эле тарттырып алып тундуруп ичип жаттык, кир жууйбуз. Эми жаандын суусу түгөнгөнчө айла жок. Балам иштеп, колу бошобойт. Өзүм ташый албайм. Мектепке деле ошентип ташыйбыз. Жаан жааганда жапа тырмак бочкаларга суу ташыйбыз, суу чыкпаса отуруп эле калабыз”, - дейт биздин каарман Элмира Төлөнова.
Элмира Төлөнова, Кум-Шоро айылынын тургуну.
Ош облусунун Ноокат району, Кайрагач-Бел айылы. 2026
Кыргыз өкмөтү алдыдагы он жылда Кыргызстанды таза суу менен толук камсыздоону убада кылууда. Суу жана мөңгү коруна бай деген тоолуу өлкөдө он миңдеген адамдар таза сууга жетпей жүрөт. Мунун өзү калктын ден соолугун тобокелге салганга тете.