"75чилердин каты": сотто Абдимуктар Маматов күбө катары суралды

Абдимуктар Маматов 15-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматов келди. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, Маматов күбө катары көрсөтмө берүүдө.

Ал президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча катка кол койгонун ырастап, ага “телефон аркылуу Токтогул Сооронбаев чалып, кол коюуну сунуштаганын” билдирди. Анын айтымында, Сооронбаев бул маселени жолугуп сүйлөшүүгө чакырган жана “Маматов барган кезде бөлмөдө Сооронбаев, Досбол Нур уулу, Тойгонбай Калматов, Эмил Узакбаев болгон”.

Ал адвокат Акынбек Ногоевдин суроолоруна жооп берип жатып бул жолугушууда бийликти күч менен басып алуу, президентти кызматтан кетирүү аракеттери жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө сөз болбогонун айтты.

“Мен келгенде кайрылуу Эмил Узакбаевдин колунда экен. Ал мага окуп чыгып, кол коюп бериңиз деди. Мен көз айнегимди албаптырмын, окуй албайм дедим.[…] Ал жердегилер биз баарыбыз кол койдук, бул жерде эч нерсе жок дешти”, - деди Муктаров.

Ал катка өз эрки менен кол койгонун, анын алдында баарын түшүндүрүп беришкенин кошумчалады.

15-июнда “75чилердин каты” боюнча соттук отурум ачык өтүүдө. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүп келаткан. 11-июнда сот айыпталуучулардын жана жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырып, процессти ачык өткөрүүнү чечкен.

Иш боюнча күбө катары сурак берүү үчүн буга чейинки процесстерде мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Иса Өмүркулов жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу көрсөтмө берген.

Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында алардын да аты-жөнү бар.

Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.

Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.

“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.

Дагы караңыз

Украинада Тажикстандын ИИМнин мурдагы офицери каза болдуУкук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери кармап кеткени кабарландыАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтМакрон G7 өлкөлөрү АКШ-Иран келишимин талкууларын билдирди