"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы Ноокен райондук милиция кызматкерлери кармап кеткени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын күйөөсү 15-июнда ырастады.
“Азыр өзү байланышты, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө алып келди дешти. Келген кызматкерлер кагаз көрсөтүштү”, - деди ал.
Райондук милиция бул тууралуу маалымат бере элек.
15-июнда Абдирасулова өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Ноокен райондук милициясынан деп тааныштырган белгисиз адамдар телефон чалып, коркутуп жатканын Фейсбукка жазган.
Ал атайын кызматтан жана милициядан куугунтуктоолор жарандык активист Мавлян Аскарбеков камалганына байланыштуу Фейсбукка жазган постторунан кийин башталганын белгиледи. Укук коргоочу ал посттордо мыйзам бузуу жоктугун айтып жатат.
Абдирасулованын соңку билдирүүлөрүнө атайын кызмат, милиция, ИИМ азырынча комментарий бере элек.
Азиза Абдирасулова отуз жылга жакын убактан бери укук коргоочулук менен алектенет. Ал түзгөн "Кылым шамы" бейөкмөт уюму 2002-жылдан бери өлкөдөгү саясий, социалдык жана башка окуяларга, шайлоолорго, жабык жайлардагы, армиядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүп, адам укугун коргоо жаатында иштеп келген.
Бир нече жыл мурда уюмдун жетекчилигин кызына өткөрүп берген Абдирасулова 2024-жылы укук коргоочулук ишмердигине байланыштуу өмүрүнүн коопсуздугу үчүн мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.
Бир жылга чамалуу убактан кийин өлкөгө кайтып келген.
Быйыл 21-январда Азиза Абдирасуловага Европа кеңешинин Раул Валленберг сыйлыгы ыйгарылган. Еврокеңештин билдирүүсүндө Абдирасулованын Борбор Азиядагы “адам укуктарынын системалуу бузулушун ачыкка чыгаруудагы теңдешсиз аракеттери”, өзгөчө абактагылардын укуктарын, жарандардын эркин чогулуу укуктарын коргоо, кыйноолорго каршы күрөштөгү талбас эмгеги жогору бааланганы белгиленген. (ZKo)
Шерине