Алтынбек Рысбеков энергетика министри болуп дайындалды

Алтынбек Рысбеков.

Алтынбек Рысбеков Кыргызстандын энергетика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 15-июнда кабарланды.

Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп мурдагы министр Таалайбек Ибраев кызматтан алынгандан кийин, 10-июнда дайындалган.

48 жаштагы Рысбеков Ала-Бука районунда туулуп-өскөн, Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Ал 2000-жылдардын башынан тарта энергетика тармагында иштейт. Эмгек жолун Ош электр тармактар ишканасында баштап, кийин "Улуттук электр тармактар" ишканасында бир топ жыл жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2025-жылы энергетика министринин орун басары болуп дайындалган.(ZKo)

Дагы караңыз

Сот отурумунда Камчыбек Ташиев менен Элвира Сурабалдиева кайым айтыштыЖК аппаратынын өкүлү Исанова "75чилердин каты" кантип келгенин айтып бердиАкыйкатчы эрте никеге тартылган өспүрүмдөр азайбай жатканын эскерттиЖарандарга кыймылсыз мүлкүн каттоого өзүнө тыюу салуучу мыйзам долбоору каралуудаАбдирасулова Фейсбуктагы постун өчүрүүгө мажбур болорун айтты