“75чилердин иши”: Ташиев менен Сурабалдиеванын кайым айтышы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот отуруму ачык өтө баштады. Соңку беш жылда өлкөдөгү экинчи адам катары таанылган Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы кылмыш ишиндеги фигурант катары сотко катышууда. Буга чейин сот жабык өтүп, Ташиевдин келип-кеткени көп билинбей жатса, бул жолу анын автоунаасы сот имаратынын короосунун сыртына токтоду. Имаратка жөө басып кирген Ташиевге кабарчылар суроо бергенге мүмкүнчүлүк алды. Бирок ал суроолорду жоопсуз калтырды.