Ирандын тышкы иштер министри Вашингтон-Тегеран сүйлөшүүсү 19-июнда башталарын билдирди

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 15-июнь күнү эртең мененки сааттардан тартып согуш бардык фронттордо расмий түрдө аяктаганын жана Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы жаңы сүйлөшүүлөрдүн айлампасы 19-июнда Швейцарияда башталарын билдирди.

Анын айтымында, АКШ менен Иран үч айга созулган согушту токтотуу жана Ормуз кысыгын кайра ачуу боюнча келишимге электрондук түрдө кол коюшкан.

Документке расмий түрдө 19-июнда Швейцариянын Женева шаарында өтө турган аземде кол коюлары күтүлүүдө.

Тегеранда чет өлкөлүк элчилер жана дипломаттар менен жолугушууда сүйлөгөн Аракчи Израилге да эскертүү жасаганга үлгүрдү. Анын айтымында, Ливанга каршы кандай гана жаңы чабуул болбосун, Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүнү бузуу катары каралат.

"Бул меморандумдун бир тарабында Иран менен "Хезболла" турса, экинчи тарабында АКШ менен Израиль турат," — деди ал.

"Хезболла" — Ливандын түштүгүнүн чоң бөлүгүн көзөмөлдөгөн саясий кыймыл жана куралдуу топ. АКШ бул уюмду толугу менен террордук уюм деп эсептейт. Ал эми Евробиримдик анын куралдуу канатын гана террордук уюмдардын тизмесине киргизген.

Ок атышууну токтотуу жарыяланганына карабастан, Ливандын түштүгүндө Израиль менен "Хезболланын" ортосунда мезгил-мезгили менен кагылышуулар уланып келет.

Израиль аба соккуларын жасаса, Хезболла ракета чабуулдары менен жооп берип жатат.

Аракчинин айтымында, согуштун аякташы ок атышуунун токтошу менен эле чектелбейт.

"Согуштун аякташы оккупациянын аякташын да билдирет. Израилдин бул согуш маалында басып алган аймактарынан аскерлерин чыгарып кетмейинче, согуш толук аяктады деп айтууга болбойт", — деди Ирандын тышкы иштер министри.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдөгү кайык жарышын өткөрүүгө 5 миллион доллар жумшалатКыргызстан быйыл 1,7 миллиард доллардан ашык карыз алат Албаниянын президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет