Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Ысык-Көлдөгү кайык жарышын өткөрүүгө 5 миллион доллар жумшалат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө жогорку ылдамдыктагы кайыктардын UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионатын өткөрүүгө 5 млн АКШ доллары сарпталат. Мындай маалымат 16-июнда UIM F1H2O суу моторлорунун дүйнөлүк чемпионатын өткөрүүгө арналган маалымат жыйында айтылды.

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдиргендей, аталган каражат мамлекеттин эмес, федерация жана спорт коомчулугунун эсебинен каралат.

“Бул спорттук иш-чарага 5 млн доллар бөлүнүп жатат. Муну мамлекет эмес, биздин Суу-мотор спорту федерациябыз жана спорт коому бөлүп жатат. Ал эми өкмөттүн каражаты инфраструктурага багытталат. Жолго, электр энергиясы, жергиликтүү эл үчүн суу жээгине, сейил бакка жана унаа токтотмого өкмөт салым кошуп жатат”, - деди Кубатов.

Суу үстүндөгү жогорку ылдамдыктагы кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты быйыл 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өтөт. Чемпионатка 13 мамлекеттен эл аралык сегиз тайпа жана 18 пилот катышат.

Бул иш-чара боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп, экологиялык жактан кесепеттери болушу мүмкүн экенин эскерткендер болгон. Маселе парламентте да көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бардык экологиялык талаптар сакталарын билдирген.

Кызуу талкуулардан кийин Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, бул эл аралык иш-чара тууралуу терс маалымат таратууну “популисттик кадам” деп мүнөздөгөн. Туура эмес маалымат жайылткандарга чара көрүлөрүн эскерткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG