Израил Ливанга сокку урду, төрт киши каза болгону кабарланды

Соккудан кийинки көрүнүш. Ливандын түштүгү. 13-июнь, 2026-жыл.

Израилдин армиясы 16-июнда Ливандын түштүгүнө сокку уруп, "Хезболланын" ракета учуруучу түзүлүшүн жок кылганын жарыялаганын AFP билдирди. Ливан тараптын маалыматына караганда, абадан урулган соккудан кеминде төрт киши мерт болду.

Ливандын мамлекеттик жаңылык агенттиги дрондор менен Набатия провинциясында үч машинеге чабуул коюлуп, натыйжада төрт адам мерт кетип, бир нечеси жаракат алганын тактады.

Иран армиясы эгер Израил Ливанды аткылоосун токтотпосо жооп кылууга даяр экенин билдирди.

Атышуу АКШ менен Иран убактылуу тынчтык келишимин жарыялагандан кийинки күнү болду.

Келишимдин тексти азырынча жарыялана элек, бирок Reuters билдиргендей, меморандум Ливандын түштүгүнөн израил аскерлерин чыгаруу милдетин камтыбайт, бирок ок атышууну токтотуу каралган.

Буга чейин Израилдин өкүлдөрү АКШ менен Ирандын ортосундагы келишим аларга тиешеси жоктугун билдиришкен. Алар Израилдин армиясы Ливанда, Сирияда жана Газа тилкесинде белгисиз мөөнөткө кала берерин белгилешкен.

16-июнда G7 саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп Израилге "Хезболлага" каршы күрөшкө Сирияны тартууну сунуштаган.

14-июнда Израил "Хезболланын" Бейруттагы объекттерин бутага алганын билдирген. Трамп буга нааразы болгон.

3-июнда АКШнын Мамдепартаменти Израил менен Ливан сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ок атышууну токтотуп турууга макулдашканын билдирген. Израил менен Ливан саясий жана коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрүн 22-июндан кийин жандантары ырасталган.

Иранчыл "Хезболла" уюму АКШ менен Израилде террористтик уюм деп табылган. Евробиримдикте уюмдун саясий партиясы эмес, аскердик канаты террористтик деп табылган.

Дагы караңыз

Ирандын тышкы иштер министри Вашингтон-Тегеран сүйлөшүүсү 19-июнда башталарын билдирди"Иран эми артта калды". Трамп Украинага көңүл бурарын билдирдиТашиевдердин иши, интернетте тараган "сурактын видеосу"“УКМКнын басымы менен жеримди алдырдым”Орусияда бензин тартыш болууда