Орусиянын "Адмирал Григорович" фрегаты Ла-Маншта британиялык Bright Future парус яхтасына эскертүү иретинде ок ачканын Sky News Улуу Улуу Британиянын Коргоо министрлигиндеги булагына шилтеме кылып билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жергиликтүү убакыт боюнча 11:40та болгон, фрегат ал кезде Уайт аралы менен Нормандиянын ортосунда турган. Яхта жабыркаган, адамдар жаракат алган эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги яхтага ок чыгарылганын ырастады. Орусиялык аскер мекемеси ок чыгаруудан мурун кеменин экипажы яхта менен байланышууга аракет кылганын жана эскертүүчү сигналдык ракета кое бергенин белгилөөдө.
"150 метрлик аралык бузулгандан кийин фрегаттын командири яхтанын багыты боюнча эскертүүчү ок чыгаруу чечимин кабыл алган. Андан кийин Улуу Британиянын желеги менен бараткан яхта багытын өзгөртүп, орусиялык аскер кемесинен узап кеткен", - деп айтылат билдирүүдө.
Коргоо министрлиги яхта Bright Future деп аталарын ырастады.
"Важные истории" долбоору сөз британиялык пенсионерлер Алан жана Жейн Келвиге таандык яхта жөнүндө болуп жатканын жазды. Пенсионерлер соцтармакта жараксыз яхта таап алып, балдары менен чогуу аны калыбына келтиришкени жөнүндө блог жүргүзүшөт.