Президент Садыр Жапаров өкмөт калк үчүн жылдык 17% киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарганын билдирди. 17-июнда Фейсбук баракчасына жазгандай, аны ар бир жаран MegaРаy мобилдик тиркемеси аркылуу сатып ала алат.
“Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда, квартал сайын төлөнүп берилет. Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип, эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат”, - деди Жапаров.
Президент мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешеси көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору турарын, алдыда баалуу кагаздарды кайра сатуу функциясы иштелип чыгарын кошумчалады.