Экс-депутат Мурзабеков ЖЭБ көмүрү боюнча жасалмалоого шектелип кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтеп жаткан кылмыш ишинин алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын директору Кантемир Мурзабеков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме 17-июнда кабарлагандай, ал 15-июнда кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалыматка ылайык, шектүү Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жеткирилген көмүрдүн сапаты боюнча лабораториялык изилдөө корутундусун жасалмалоо жана чыныгы көрсөткүчтөрүн жогорулатып көрсөтүү схемасын уюштуруу фактылары боюнча иликтенип жаткан иштин алкагында кармалды.

"Ошондой эле М.К.З. жыл сайын жылытуу мезгилине даярдык көрүү алкагында ЖЭБге көмүр жеткирүүчү жеке компаниялардын кызыкчылыктарын көздөп, алардын ишмердүүлүгүн колдогону аныкталган. Анын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында ЖЭБдин техникалык жабдууларына олуттуу зыян келтирилип, Бишкек шаарынын экологиясына терс таасир тийгизилген", - деп жазылган маалыматта.

61 жаштагы Кантемир Мурзабеков 2013-жылы Жогорку Кеңешке "Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган.

Кармалган жарандын жакындары же адвокаттары бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Бишкек ЖЭБи 2024-жылы шаардын муниципалдык менчигине өткөрүлгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Жапаров жарандарды мамлекеттен баалуу кагаз сатып алууга чакырдыБеларуста быйыл жети кыргызстандык алданып абакка түшкөнү айтылдыДепутат Салык кызматындагы жапырт кыскартуу тууралуу айттыБала бакча медайымынын макамы боюнча маселе парламентте көтөрүлдүОрусиялык фрегат Ла-Маншта британиялык яхтага эскертүү иретинде ок ачты