18-июндун аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт

18-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22°, күндүз 28…33°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 15…20°, күндүз 26…31°;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23°, күндүз 29…34°;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14°, күндүз 23…28°;
  • Нарын облусунда түнкүсүн 8…13°, күндүз 22…27°.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 30…32° болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 17-июнда эртең менен +19,4° түздү.

Дагы караңыз

Экс-депутат Мурзабеков ЖЭБ көмүрү боюнча жасалмалоого шектелип кармалдыТашиевдин жакын тууганы алдамчылыкка шектелип кармалганы кабарлануудаИИМ Ташиевдин сурактагы видеосу боюнча маалымат бердиБеларуста быйыл жети кыргызстандык алданып абакка түшкөнү айтылды"Токтогул ГЭСинен кубаттуу болот". Ысык-Көлдөгү күн электр станциясынын күнгөй-тескейиОрусиялык фрегат Ла-Маншта британиялык яхтага эскертүү иретинде ок ачты