Ирандагы Шариф университети согуштан 48 млн долларга зыян тартканын билдирди

Шариф технология университети соккуга быйыл 7-апрелде кабылган.

Ирандагы Шариф технология университетинин президенти Масуд Тажриши АКШ жана Израил менен согуштун кесепетинен бул окуу жай болжол менен 48,8 миллион доллар зыян тартканын 17-июнда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бөлгөн каражат борбор калаа Тегеранда жайгашкан бул университетти калыбына келтирүүгө керектүү ресурстардын төрттөн бир бөлүгүн гана жабат.

Масуд Тажриши зыян университеттин технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн олуттуу бөлүгүнө тийгенин айтты.

«Учурда университеттеги айрым кызматтар, анын ичинде жасалма интеллект инфраструктурасы иштебей турат. Ыкчам эсептөө системаларынын кубаттуулугу да мурдагы деңгээлинен болжол менен 10% чейин төмөндөдү», — деди ал.

Тажришинин айтымында, Илим министрлиги университетке компенсация катары 14,6 миллион доллар гана бөлгөн. Бул калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон каражаттын болжол менен төрттөн бир бөлүгү.

Ал алдыдагы бир жыл ичинде согуштан улам жоголгон кызматтар менен мүмкүнчүлүктөрдүн 25% жакынын калыбына келтирүүгө болот деп болжолдоду.

Шариф технология университети 7-апрелде АКШ менен Израилдин аба соккуларына кабылган, анда эсептөө борбору бомбаланып, талкаланган.

Дагы караңыз

Айыккыс абалдагы бейтапка акысыз жардам көрсөтүү тартиби бекитилдиЭкс-депутат Мурзабеков ЖЭБ көмүрү боюнча жасалмалоого шектелип кармалдыБишкек менен Кантта 33 млн евролук таза суу долбоору ишке ашырылды