Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын негизги оюнчуларынын бири Жалолиддин Машарипов АКШ, Мексика жана Канадада өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катыша албайт. Бул тууралуу Өзбекстандын футбол ассоциациясы билдирди.
Маалыматка караганда, футболчу узак убакыттан бери оюндарга толук катышпай, команда менен бирге машыга алган эмес.
«Футболчунун мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келиши үчүн медициналык штаб бардык зарыл чараларды көрүп, аны менен өзүнчө даярдык программасы боюнча иш алып барды. Медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы ФИФАнын медициналык комитетине жөнөтүлгөн. Абалды карап чыккандан кийин комитет оюнчу дүйнө чемпионатына катыша албай турганын билдирди. Анын ордуна команданын акыркы курамына Русланбек Жиянов киргизилди», — деп айтылат ассоциациянын билдирүүсүндө.
Өткөн аптада Жалолиддин Машарипов белиндеги жаракаттан улам Канаданын жана Нидерланддын курама командаларына каршы жолдоштук беттештерди өткөрүп жибергени белгилүү болгон.
Машарипов Өзбекстандын эң белгилүү футболчуларынын бири жана улуттук курама команданын лидерлеринин катарына кирет.
Ал көп жылдан бери команданын негизги оюнчусу болуп, Өзбекстандын дүйнө чемпионатына тарыхта алгачкы жолу жолдомо алышына чоң салым кошкон.
Ошондой эле ФИФА Шотландия менен Марокконун ортосундагы тайпалык баскычтагы оюнга өзбекстандык калыстар тобун дайындаганы маалым болду. Беттештин башкы калысы Илгиз Танташев болот. Ага Андрей Цапенко менен Тимур Гайнуллин жардамчы болушат.
Өзбекстан дүйнө чемпионатына өз тарыхында биринчи жолу катышууда.
Команда 18-июнда Мексикада Колумбия менен ойнойт. Андан кийин 23-июнда Португалиянын, ал эми 27-июнда Конго Демократиялык Республикасынын курама командасына каршы беттеш өткөрөт.