Президенттин жарлыгынан кийин бүгүн 17-июнда блогерлер, IT тармагынын өкүлдөрү, кинофильм өндүрүүчүлөр, креативдүү чыгармачылык менен алектенген жарандар Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов менен жолугушту. Анда жарлык блогерлерди салыктан бошотууга мүмкүнчүлүк берери тууралуу коомдо талкууланып жаткан суроолорго жооп берилди.
Блогерлер салыктан бошотулат деген маалыматтан кийин социалдык тармактарда талкуу күчөп, сын пикирлер айтыла баштаган.
Шыкмаматов бул демилгени жарандардын салык төлөө маданиятын жогорулатуу аракети деп мүнөздөдү:
“Биз блогерлерге салыктан тыныгуу берип, келечекте алардын салык төлөө маданияты агарсын деп жатабыз. Бул эреже мурунтан тарта иштеп келген. Бизде эле эмес, дүйнөлүк экономикалык ыкма ушундай. Мындай эрежелерди колдонгон мамлекеттерде салык көбөйүп, киреше кирет. Эгер мындай болбосо көмүскө каражат табуу күчөп, коррупция токтобойт. Биздин өлкөдө блогерликтен каражат таап расмий каттоодон өткөн 40 эле адам бар экен. Биз колдонуп жаткан ыкмага ылайык беш жылдан кийин бул 40 адам миң адамга жетет. Анткени көбү көмүскөдө. Биз алардан жылына 1,2 млн сом гана топтоп жатабыз”, - деди Шыкмаматов.
12-июнда президент Садыр Жапаров IT чөйрөсүндө иштегендерди, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандарды, блогерлерди, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендерди, стартаперлерди, кинофильм, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендерди беш жылга салык төлөөдөн бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Ошондон кийин соцтармактарда бир посту же билдирүүсү үчүн кеминде миң доллар сураган блогерлер салыктан бошотулганына нааразылык арбын айтылган. Айрымдары муну кийинки жылдын башында өтө турган президенттик шайлоо алдындагы жеңилдик катары сыпатташкан. Ошол эле учурда блогерлердин контентин көзөмөлдөө сунушталып, алардын арасында алдамчылыкты, шылуундукту жарнамалап, элдин жапырт сызга отурушуна себепкер болгон блогерлер да көптүгүн белгилешкен.(ZKo/DSh)
Шерине