Быйылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү “Алтын сертификат” алат.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматында, Бишкек шаарынан – 34, Ош шаарынан – 1, Ош облусунан – 1, Чүй облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 4, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 4 бүтүрүүчү жана Орусия мектептеринен 1 окуучу “Алтын сертификат” алат.
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча быйыл эң жогорку балл - 239 балл болду. Бул көрсөткүчкө Нарын облусундагы Жүндүбаева атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Айдай Абылаева жана Баткендеги мектеп-гимназия интернатынын бүтүрүүчүсү Сезимай Акматова ээ болду.
Эки бүтүрүүчүну агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева телефон аркылуу куттуктады. Мугалимдерге жана ата-энелерге да ыраазычылык билдирип, бүтүрүүчүлөргө келечектеги кесиптик жолунда ийгиликтерди каалады.
ЖРТнын биринчи этабы 17-майда өткөн.
Негизги тесттен кеминде 110 упай, ал эми предметтиктен ар бир профилдик предмет боюнча кеминде 60 балл болушу шарт.
Тестирлөөнү "Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору" деп аталган билим берүүчү мамлекеттик эмес мекеме жүргүзөт. Анын ишмердүүлүгү Кыргызстандагы тест жүргүзүү системасын илимий негизде, ачык-айкын өткөрүүгө багытталганы, адистери ар тараптуу даярдыктан өтүп, тестти өткөрүү багытында тажрыйбасы зор экени сайтында белгиленген.
Быйыл ЖРТга катышуу үчүн каттоодон жалпы 61 412 бүтүрүүчү өткөн.(ZKo)