Мурдагы мушкер Замир Сыргабаев уюшкан кылмыштуу топту уюштурууга шектелип, Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүнүн аты-жөнүн инициалы менен берип, маалымдады.
ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кыргызстанда жана Орусиянын Свердлов облусунда адам уурдоо, тоноо жана каракчылык сыяктуу бир катар оор кылмыштарды жасоого шектүү адамдардын тобу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") менен кылмыш иши козгогон.
"️Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында аталган топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп шек саналган 1975-жылы туулган С.З. аттуу жаран кармалган", - деп жазылган маалыматта.
Шектүүнү тинтүү учурунда анын жанынан жалпы салмагы 9,3 грамм маңзат табылган. Анын жашаган жеринде соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда курал-жарак табылган.
ИИМ соцтармакта тараткан, аны кармоо учуру тартылган тасмада "Замир Сыргабаев түзгөн кылмыштуу топ" деп жазылып турганын көрүүгө болот.
Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоо, топтун башка катышуучуларын табуу жана алардын башка кылмыштарга катышы бар-жогун текшерүү боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Замирбек Сыргабаев эрежесиз эр уруш боюнча спорт чебери. 2014-жылы Кызыл-Кыя шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Ошол туштагы Ички иштер министри Абдылда Суранчиев Жогорку Кеңештен тартып айылдык кеңештерге чейинки депутаттардын арасынан "каралар" менен катышы бар делген 20га жакын адамды атаган. Алардын ичинде Замир Сыргабаевдин аты да аталган.
Замир Сыргабаев 2021-жылы Кызыл-Кыядагы спорт мектебинин директору болуп турган учурунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон.(ZKo)