Төрага Маматалиев "75чилердин каты" боюнча Тургунбек уулунун кабары болгонун айтып чыкты

Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиеванын “75чилердин каты” боюнча сотко күбө катары катышканы боюнча маселе көтөрүлдү.

Алгач депутат Дастан Жумабеков бул процессте депутатка карата кысым байкалганын белгилеп, аны мамлекеттик күзөт кайтарууга алышы керектигин сунуштады.

Төрага Марлен Маматалиев бул жагдай боюнча түшүндүрмө берип, “75чилердин каты” парламентке кантип түшкөнүн айтып берди. Бул окуя боюнча төрага юристтерден жана депутаттардын катышуусунда жумушчу топ түзүп, териштирүү жүргөнүн маалымдады. Төраганын айтымында, териштирүүнүн жыйынтыгы тергөөгө берилип, ал материалдар учурда сотто каралып жатат.

“Кат келип-келе электе аны күтүп алган. Себеби, ал жердеги кызматкерге тапшырма берилген. Аны каттоого албай, кармап тур деп айтат. Дареги туура эмес жазылганы үчүн аны кайтарып, оңдоп кайра алып келишкенде тапшырма берилгендей эле аны каттоого албай кармап турат. Эки сааттан кийин кайра тапшырма келет “болду, айтылды, төраганын атына каттатасың” дейт. Ошол жерде тиешелүү бөлүм башчылар жана кызматкерлер төраганын атына каттайт. […] Кийин ал кат мурдагы төрага Тургунбек уулунун кабылдамасына барып, анын жардамчысынын колуна тиет. Ал баарын Шакиев менен макулдашып, кийин жоопкерчиликтен качам дегенби, мен көрбөй калдым деп ойлойт дегенби, айтор, “менин орун басарыма алып бар, ал комитетке түшүрсүн” деген тапшырма берет”, - деди Маматалиев.

Кийин ал орун басары жагдайды тактап убакыт созулуп кеткенин, ошентип “сценарий бузулганын” кошумчалады.

Маматалиев каттын парламентке келиши боюнча сотто көрсөтмө берген кызматкерлер кыйыр күбөлөр экенин, түз күбө болгондор процесс жабык болгон учурда маалымат бергенин билдирди.

Төрага “75тин каты” боюнча уюштуруучулардын ойлогону ишке ашса, мамлекетти жоготуп алуу коркунучу жаралмак” деген пикирин кошту.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 15-июндагы соттук отурумга күбө катары чакырылып, көрсөтмө берген. Процесс учурунда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы, айыпталуучу Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Анын алдында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “75чилердин катына тиешеси жоктугун, ал учурда чет өлкөдө болгонун” журналисттерге билдирген.

Кылмыш ишин козгогон Ички иштер министрлиги тергөө материалдарына "жашыруун" грифин койгон. Ошондон улам иш сотко өткөндө да Бишкектин Биринчи май райондук соту аны жабык карай баштаган. Айыпталуучулар жана жактоочулар ачык сот талап кылганы үчүн 15-июндан тарта процесстер ачык өтө баштады.

Жалпы сегиз айыпталуучу бар. Алардын ичинен Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.

Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.

Айыпталуучулар коюлган айыпка макул эместигин билдирип келет.

Дагы караңыз

"75чилердин каты": Эмилбек Узакбаев келбегени үчүн сот отуруму жылдыПарламентте УКМКнын ишмердигин текшерүү боюнча комиссия түзүү сунушталдыМурдагы мушкер Замир Сыргабаев уюшкан кылмыштуулукка шектелип кармалдыЖРТ жыйынтыгында "Алтын сертификатка" 55 бүтүрүүчү ээ болду