Улуттук банк төрагасы санкция маселесинен улам банктарга көзөмөл күчөтүлгөнүн айтты

Алмаз Бакетаев

Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев санкциялык талаптарга байланыштуу Кыргызстандагы банктар менен тыгыз кызматташып, алардын үстүнөн үзгүлтүксүз көзөмөл жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Бакетаев санкциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн банктарга атайын колдонмо иштелип чыгып, таратылганын маалымдады.

“Евробиримдик, Улуу Британия жана АКШ өкүлдөрү менен бир канча жолугушуу болгон. Кандайдыр бир тобокелчилик болсо, бизге эл аралык компанияны таап, аудит кылып бергиле дедик. Бирок алар баш тартышты. Туура эмес белгилер бар деп талап коюп жатышат, бирок тастыктаган базасы жок. Бүгүнкү күндө ошентип киргизип коюшат экен, биздин сөзүбүз да жетпейт экен. Биз азыр тыгыз байланышта болуп жатабыз жана Министрлер кабинетинин деңгээлинде комиссия түзүлдү”, - деди Бакетаев.

Кыргыз өкмөтү Батыш өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында санкцияларды кыйгап өтүүгө тиешеси бар компаниялардын юридикалык каттоосун жокко чыгарууну караштырып жатканын майдын башында билдирген. 18-майда Юстиция министрлиги күмөндүү делген 50 компаниянын каттоосун токтотконун жарыялаган.

Ушул тапта 30дан ашык кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесинде” турат.

Санкциялар Москванын Украинага каршы толук масштабдуу кол салуусуна байланыштуу Орусияга жана ага көмөктөшкөн деп шектелгендерге карата жарыяланып келет.

Дагы караңыз

Москвага дрондор менен ири чабуул коюлду, мунай заводу бутага алындыКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылатАба ырайы: Айрым жерлерде жаан катуу жаайтӨзбекстан дүйнө чемпионатында алгачкы тарыхый беттешин өткөрдү