Орусиядагы кырдаалдан улам Бишкек-Москва учак каттамдары өзгөрүүдө

"Манас" эл аралык аэропорту. (архив)

Москвадагы кырдаалдан улам 18-июнда Бишкек–Москва багытындагы авиа каттамдардын жадыбалына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Азырынча аталган каттамдардын учуусу качан жанданары тууралуу так маалымат жок.

"Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы маалымдашынча, 18-июндун түнүндө жана таңында учкан Бишкек–Москва каттамындагы учактардын экөө Нижний Новгороддогу кошумча аэродромго конгон. Ал эми "Аэрофлот" компаниясы каттамды белгисиз мөөнөткө жылдырган. "Урал аба жолдору" компаниясына таандык дагы бир каттам кармалып жатканы кабарланууда.

"Манас" аэропортунун сайтындагы учуулардын жадыбалында Москвага учуучу жана Москвадан учуп келүүчү каттамдар "кармалганын", "жокко чыгарылганын" жана "жылдырылганын" көрүүгө болот.

18-июнга караган түндө Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын борбору Москва шаарына жана Москва облусунун аймагына учкучсуз учактар менен чабуул жасады. Орусия бийлигинин маалыматына караганда, чабуулдан мунай иштетүүчү эки заводдо өрт чыккан.

Москвада бардык аэропорттор жабылып, Шереметьеводон кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Жүздөгөн каттамдар кармалды жана жылдырылды. SHOT басылмасынын маалыматына караганда, Москва убактысы менен саат 11:00де алардын саны 500дөн ашты. Ал кезде Шереметьево аэропортунда учуу жана конуу жанданганы, калган үч аэропорт "макулдашуу менен" иштеп жатканы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде 555 дрон жок кылынганын билдирди. Мекеме кийинчерээк сутка ичинде 992 дрон, алыска учуучу төрт канаттуу ракета жана 10 авиабомба атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо согуш шартында мүмкүн эмес.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Москвадагы, Ростовдогу мунай заводдоруна жана Донецкинин Орусия көзөмөлдөгөн тарабына сокку урулганын ырастады.(ZKo)

Дагы караңыз

Журналист Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы посттору үчүн тергөөчү чалганын айтуудаКыргызстанда крематорий ачууну 2040-жылга жылдырган мыйзам колдоо таптыЫсык-Көлдөгү кайык жарыш: Министрдин убадасы, экологдордун эскертүүсүТрамп менен Пезешкиан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотуу меморандумуна кол коюштуКыргызстан АКШ менен Иран тынчтык келишимине келгенин кубаттады