Москвада мигранттар көп иштеген "Садовод" базарында өрт чыкты

«Садовод» базары. Архивден алынган сүрөт.

Москвадагы борборазиялык мигранттар көп иштеген «Садовод» соода комплексинде ири өрт чыкты. Окуя 18-июнга караган түнү Москвага жана Москва облусуна жасалган жапырт дрон чабуулу маалында болду.

Шаар мэри Сергей Собянин соода комплексинин аймагына дрондун сыныктары түшкөнүн билдирди.

«Садовод» базары Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган миңдеген мигранттар иштеген жай катары белгилүү. Бул жерде документ текшерүү жана мигранттарга каршы рейддер көп өткөрүлөт.

Маалыматтарга караганда, атып түшүрүлгөн украиналык дрондун сыныктары комплекстеги имараттардын биринин чатырына түшүп, өрт чыккан.

Ошол эле учурда негизги сокку коңшу жайгашкан Капотня районундагы Москва мунай иштетүүчү заводуна тийип, анда бир нече жерде өрт тутанган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдардын кесепеттерин көрсөткөн видео жарыялап, бул операцияны Орусиянын Украина шаарларына жасалган соккуларына берилген «адилеттүү жооп» деп атады.

Дагы караңыз

Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов кызматтан алындыНоокат районунда аким алмаштыОрусиядагы кырдаалдан улам Бишкек-Москва учак каттамдары өзгөрүүдө