Ормуз кысыгы ачылып, кеме кыймылы жанданганы жарыяланды

Ормуз кысыгы. 2026-жылдын 18-июну.

Ормуз кысыгы ачылып, кемелердин кыймылы жанданганын АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс 18-июнда маалымат жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, ачылгандан тартып бир сутка ичинде кысык аркылуу 12,5 млн тонна мунай ташылып өттү.

"Бул жаңжал башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч", - деп белгиледи Вэнс. Ал Ирандын аскерлери "эки түндөн бери" кысыктагы кемелерге сокку урбаганын кошумчлады.

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы 18-июнда америкалык аскерлер Ирандын портторуна жолду бөгөттөөнү токтотушканын билдирген.

"Америкалык аскерлер Иран порттору аркылуу кемелердин өтүүсүнө жана чыгуусуна жолтоо болушкан жок. АКШнын блокада аракеттери токтотулду", - деп жазылган билдирүүдө.

17-июндун кечинде АКШ менен Ирандын президенттери өз ара түшүнүшүү меморандумуна аралыктан кол коюшкан. Жей Ди Вэнстин сөзүнө караганда, меморандумдан кийинки тараптардын акыркы бүтүмгө жетишүүсүнүн 60 күндүгү расмий башталды.

Дагы караңыз

Нетаньяху АКШ менен Ирандын басымына карабастан аскерлери Ливанда кала берерин айтты"Бөлөк планетага түшкөндөй болдум". Папуа-Жаңы Гвинеяда иштеген Канагат Еврошаркеттин Орусияга каршы санкцияларынын мөөнөтү бир жылга узартылды АКШ–Иран сүйлөшүүлөрү: Вэнстин Швейцарияга барбай калган себеби айтылды