Аксынын акими, Кара-Көлдүн мэри кызматтан бошотулду

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Эдилбек Тажимырзаевди Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотуп, ордуна Азамат Турдубековду дайындады. Бул тууралуу маалымат 19-июнда жарыяланды.

Тажимырзаев бул кызматка быйыл 31-мартта эле дайындалган. 41 жаштагы Турдубеков мурда Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп иштеген.

Президент Жапаровдун 19-июнда жарыяланган дагы бир жарлыгы менен Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков кызматтан алынып, ордуна Азамат Намазалиев дайындалды.

Саргазаков бул кызматты 2025-жылдын март айынан бери аркалап келди. Жаңы дайындалган аким Намазалиев мурда Токмок шаарынын вице-мэри болуп иштеген.

Мындан бир күн мурун президент Жапаров Манас шаарынын мэри Абдипата Маткасимовду кызматтан алган жана Ноокат районунун акимин алмаштырган.

Дагы караңыз

Ысык-Көл форумуна мурдагы президент Аскар Акаев катышуудаНетаньяху АКШ менен Ирандын басымына карабастан аскерлери Ливанда кала берерин айттыЕврошаркеттин Орусияга каршы санкцияларынын мөөнөтү бир жылга узартылды АКШ–Иран сүйлөшүүлөрү: Вэнстин Швейцарияга барбай калган себеби айтылды