20-июндун аба ырайы: Айрым жерлерде жаан катуу жаайт

20-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күңдүз 25…30

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күңдүз 20…25

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 30…32° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 19-июнда эртең менен 20,1 градусту түздү.

Дагы караңыз

Бишкекте медресе студенттери тамакка ууланып, айрымдары ооруканага жаткырылдыТИМ: Москвада жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок"Бала ырысы" жөлөк пулун берүү тартиби уюштурулуудаЕврошаркеттин Орусияга каршы санкцияларынын мөөнөтү бир жылга узартылды