Кара деңизде жарандык кемелер орус армиясынын чабуулуна дуушар болду

Кара деңиз. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аскерлери Кара деңиз акваториясында Панама, Сент-Китс жана Невис мамлекеттеринин желеги алдында сүзүп жүргөн жарандык кемелерге чабуул жасаганын Украинанын Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.

Анын айтымында, кемелердин биринде экипаж мүчөлөрүнүн бири каза болуп, дагы эки адам жаракат алды. Экинчи кемеде үч экипаж мүчөсү жабыркаган.

"Учурда кемелер кыймылын кайра улантты. Порт инфраструктурасы коопсуздук жагдайын эске алуу менен иштеп жатат," — деп жазды Кипер өзүнүн Телеграм каналында.

Мындан тышкары, 19-июнга караган түнү, орус армиясынын соккуларына Украинанын Сумы, Харьков жана Днепропетровск облустары да кабылган.

Сумы облусунда эки адам каза болду. Ал эми Дубовязовка жамаатында ракета соккусунан бир аял каза таап, 63 жаштагы дагы бир аял жаракат алды.

Белополье жамаатында 19 жаштагы кыз жарадар болгонун полиция билдирди.

Днепропетровск облусундагы Павлоград шаарында эки жеке турак үй өрттөндү. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжанын маалыматына ылайык, сегиз жаштагы кыз каза болуп, 49 жаштагы аял ооруканага жаткырылды.

Никополь районундагы чабуулдардан ишкана, почта бөлүмү, жеке үйлөр жана бир автоунаа жабыркады.

Ал эми Синельников районунда спорт мектеби жана пайдаланылбай турган имарат зыян тартты.

Херсон шаарында дрон Корабель районундагы маршруттук унаага сокку урду. Натыйжада төрт адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Украинанын Аскердик-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, түн ичинде өлкөгө жалпысынан 90 орусиялык дрон чабуул койгон.

Алардын 79у абадан атып түшүрүлгөн же радиоэлектрондук күрөш каражаттары аркылуу нейтралдаштырылган.

Дагы караңыз

Москвадагы дрон чабуулу: "Садоводдо" өрттөн тажик соодагерлери жабыркады20-июндун аба ырайы: Айрым жерлерде жаан катуу жаайтАкаев Жапаровго "кыргыз экономикалык кереметин" улантууга дагы убакыт берилиши керек деп эсептейт