Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Алай районунун тургундары менен жолугушканда алар эл аралык трассада жүргөн жүк ташуучу унааларга талапты күчөтүүнү суранышты.
Чий-Талаа айылынын тургуну жүк ташып бараткан унаалар өтө ылдам жүрүп, мындан улам жол кырсыктары көп катталып жатканын айтты:
“Жакында эле беш бала жетим калды. Ошол себептүү жүк ташуучу унаалардын ылдамдыгын чектеп бериңиздер. Болбосо, жолго атайын дөңсөөлөрдү коюп берсеңиздер. Мындайды Сары-Таш айылына койдуңуздар. Бирок биздин жол эл аралык болгону үчүн жол берилбейт деп жатышкан. Болбосо камера орнотуп бериңиздер”.
Ал жолдо жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-турумуна нааразылыгын билдирип, жол четине таштанды ыргытып да жатышканына даттанды.
Аманкан Кенжебаев бул көйгөй тааныш экенин белгилеп, тиешелүү иштер жүрүп жатканын маалымдады. Ош облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мирлан Боенов аймакта жол кыймылы көбөйгөнүн, эл аралык жолго чектөө киргизүү кыйынга туруп жатканын айтты:
“Ички иштер министрлиги Алай району үчүн дагы төрт штаттык бирдик кошуп жатат. Бул Алай – Эркечтам жолуна каралат. Ошондуктан биз өз күчүбүз менен көзөмөлдү күчөтөбүз. Бизге үч буттуу камераларды берип жатышат. Ошолордон да силердин районуңарга орнотобуз”.
Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.