Зеленский Лукашенкодон чек ара аймагындагы ретрансляторлорду алуусун талап кылды

Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларустан чек арага жакын жердеги ретранслятордук мунараларды алып салууну талап кылып, болбосо бул объектилерге сокку уруусу ыктымал экенин айтты.

19-июнда Гондурастын президенти менен берген маалымат жыйында Зеленский Минск Александр Лукашенконун билдирүүлөрүнө карабастан Украинага каршы согушка катышып жатканын билдирди. Анткени Беларустун эки облусунун аймагында Орусиянын украин шаарларына жасаган соккуларын багыттап турган техника жайгашканын айтты.

"Менимче, ага муну аткаруу үчүн бир жума жетиштүү болот. Себеби азыр ушунун айынан күн сайын биздин жай тургундарыбыз набыт болуп, балдар жараат алып жатат. Эгер ал муну кылбаса, биз кылабыз", – дед Зеленский.

Зеленский кошумчалагандай, Киевдин орусиялык мунай-газ өнөр жайына урган ийгиликтүү чабуулдарынан улам Беларус орус армиясы үчүн негизги күйүүчү май менен камсыздоочуга айланды.

Буга чейин Владимир Зеленский эгер Беларус тараптан коркунуч жаралса Киев бул республиканын жетекчилигине карата да "алдын алуучу" чара көрө аларын айткан.

Май айында Украинанын Коопсуздук кызматы өлкөнүн түндүгүндөгү беш аймакта чара күчөтүлгөнүн жарыялаган. Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы украин-беларус чек арасындагы инфраструктуралык курулуштарды бекемдеп, аймакка кошумча миналарды орноткон.

Ал эми Александр Лукашенко 21-майда Минскиде согушка катышуу ниети жок экенин билдирген. Ошол эле учурда Лукашенко бул Беларус тарапка агрессия болгон учурда гана ишке ашарын тактаган. 16-июнда Лукашенко өлкө согушка кирүүгө ниети жок экенин жана жаңжалдын өз аймагына жайылышын каалабай турганын дагы бир жолу кайталаган.

Дагы караңыз

Алайда эл Кытайга каттаган чоң автоунаага талапты күчөтүүнү сурануудаАкаев Жапаровго "кыргыз экономикалык кереметин" улантууга дагы убакыт берилиши керек деп эсептейтТИМ: Москвада жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жокКара деңизде жарандык кемелер орус армиясынын чабуулуна дуушар болду