Уларбек Исмаилов Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Исмаилов быйыл 1-апрелден тарта президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп турган.
Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Абдупата Маткаликов башка жумушка өткөнүнө байланыштуу деген жүйө менен 18-июнда кызматынан алынган.
Ага чейин кызматта турган Эрнисбек Ормоков беш жылдан ашуун кызматта турган. 10-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин ага жакын делген бир катар жетекчилердин катарында Ормоков да жумуштан алынган.
Буга чейин Жалал-Абад аталып келген шаар былтыр аталышын Манас деп өзгөрткөн.(ZKo)