“Аксакалдын көз жашы мени киши кийикке айлантты"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гамал Сооронкулов - тоолорду коргоп жүргөн экоактивист. Анын ыктыярдуу иши жапайы жаратылыштагы жаныбарларды коргоого, жайыттарды сактоого багытталган. Келечек муундар үчүн деген анын мындай аракеттери коомдо дайыма эле колдоого алына бербейт. Ошого карабай ондогон жылдардан бери табиятты аесуз талкалагандарга каршы күрөшүп жүрөт. Анын бул ишиндеги кыйынчылыктар, коркунуч, түйшүгү тууралуу “Данистеде” сөз кылабыз.