Трамп Ормуз ачылганын, Иран байланыш түзүлгөнүн билдиришти

Ормуз кысыгы.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөлүк мунай базарындагы продукциянын бир кыйла бөлүгү өтүп туруучу Ормуз кысыгы толугу менен ачылганын жарыялады.

"Кечээ кысык аркылуу мурдагы убакка караганда өтө көп өлчөмдө мунай өттү. Мунай оргумасы. Кысык толук ачык... Бизде дагы эки нерсе бар: кысык жана эч качан өзөктүк куралы болбой турган өлкө", - деди Трамп 22-июнда.

Иранга өзөктүк курал иштеп чыгуусуна тоскоолдук кылуу АКШ менен Израилдин кол салуусунун негизги себептеринин бири экени айтылган.

Reuters Ирандын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү, парламент спикери Мухаммад Багер Галибафтын Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу кеме кыймылына байланыштуу алакага бул стратегиялык маанилүү жолдо чатактарды жана жаңжалдарды болтурбоо үчүн макул болгону тууралуу айткан сөзүн келтирди.

Согуш, Ирандын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сокку уруусу, кысыктын жабылышы мунайдын дүйнөлүк базарда кескин кымбатташына жана глобалдык экономиканын төмөндөшүнө алып келди.

Financial Times гезити спутниктен алынган маалыматынын негизинде кысыктын жанында 441 танкер турганын эсептеп чыкты.

Ормуз кысыгынын ачылышы боюнча маселе Швейцариядагы АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн көңүл борборунда турат.

Дагы караңыз

Баткен: Селден улам Ош-Исфана жолундагы үч көпүрөнү суу каптады, каттам кайра жандандыОрусия Кара деңиздеги үч кемени аткылап, Египеттин жараны мерт болдуТургунбек уулу “парламентте айтылган маалыматтар жалган” экенин билдирди"75чилердин соту": Асанов залдан чыгарылды, Абылгазиев көрсөтмө берди“Аксакалдын көз жашы мени киши кийикке айлантты"