Президент Садыр Жапаров Баткендеги селдин кесепетин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын администрациясы ал Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепетинен толук кабардар экенин 23-июндагы маалыматында белгиледи.
Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик кызматтарга жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу жана жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды бергени маалымдалды.
"Учурда сел кырсыгы катталган аймактарда абалды турукташтыруу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана элге көмөк көрсөтүү иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат", - деп жазылган маалыматта.
22-июнда түштөн кийин Баткен районунун Кара-Булак, Булак-Башы тоолорунда жааган жаандан улам Баткен шаарынын борборунда сел жүрдү. Ош—Исфана жолундагы үч негизги көпүрөнү суу каптап, каттам бир нече убакытка токтотулган. Шаардагы бир катар турак жайлардын короосуна суу кирди.
20-июнда жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек жана Суу-Башы айыл аймактарында сел жүргөн.
Анын кесепетинен эки үй авариялык абалга келип, жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү. (ZKo/JsА)